Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:19

БУУ: Кыргызстанда социалдык-экономикалык өнүгүүдө жылыштар бар


Кыргызстанда миң жылдыктын максаттары программасы талкууланды. Бишкектеги БУУ үйүндө өткөн талкууга Улуттар уюумунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү, экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров жана улуттук эксперт Рафкат Хасанов катышты. Анда Кыргызстандагы миң жылдыктын өнүгүү максаттарына жетүүдөгү прогресс боюнча экинчи отчеттун бет ачаары болду. Ага ылайык, 2003-2007-жылдары Кыргызстанда социалдык-экономикалык өнүгүүдө жылыштар бар. Ошондой эле анда абалды жакшыртуу үчүн социалдык саясат боюнча сунуштар камтылган. Кыргызстан Миң жылдык декларациясына 2000-жылы кол койгон. (EK)

XS
SM
MD
LG