Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:17

“Мемориал” укук коргоо борборунун жетекчиси Кыргызстанга киргизилген жок


Бүгүн эртең менен Бишкекке учуп келген “Мемориал” укук коргоо борборунун жетекчиси Виталий Пономарев кыргызстандык күч кызматкерлеринин аракети менен кайра Москвага жөнөтүлдү. Укук коргоочунун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, анын Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу “Мемориал” укук коргоо борборунун Ноокат окуясынын КР ИИМ тарабынан тергелүүсүн сынга алган отчетунун негизинде салынып жатышы мүмкүн.

Кабарларда айтылгандай, 2008-жылы 1-октябрда Ноокатта болгон тополоңго катышы бар деген айып менен 32 киши сот жообуна тартылып, узак мөөнөткө камакка алынышкан. Бул окуя боюнча иликтөө жүргүзгөн “Мемориал” укук коргоо борбору милиция тергөөнү адилетсиз, күч колдонуу менен жүргүзгөн, деген тыянагын чыгарып, “Кыргызстан адам укугу жаатында коңшуларынын жолуна түштү,” деген баасын берген эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG