Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:13

Жогорку Кеңеште өкмөттүк эмес уюмдарга байланыштуу мыйзам долбоору даярдалып жатканы айтылууда. “Демократия жана жарандык коом үчүн” өкмөттүк эмес уюмдар коалициясынын башчысы Динара Ошуракунова ушул долбоордун тегерегинде “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна жооп берди.

- Парлментте өкмөттүк эмес уюмдарга байланыштуу мыйзам долбоору даярдалып жатыптыр, ал өкмөттүк эмес уюмдардын ишине кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

- Ал боюнча биз азыр талкуу жүргүзөлү деп атабыз, аны талдоо үчүн эксперттерге бердик. Эксперттик эмес көз менен караганда, ал жерде бир коркунуч бар, өкмөттүк эмес уюмдарды саясий жана шайлоо процессинен чыгаруу. Мен ойлойм, бул эң коркунучтуу нерсе. Анткени бизде өкмөттүк эмес уюмдар мамлекет менен ар кандай саясий чечим чыгаруучу процесстерге катышып, ошондой проблемаларды чечкенге аракет жасайт.

- Ошол мыйзам долбоордун иштеп чыгуучуларынын бири эгер өкмөттүк эмес уюмдар саясатка катышкысы келсе, анда партияга өтүш керек деп айтыптыр. Бирок адам укуктарына байланыштуу маселе кандай болоору айтылбай калыптыр. Адам укуктарын коргоого да чек коюу каралганбы бул долбоордо?

- Негизги бийликте жүргөн адамдар, депутаттардын көбүнчөсү бийликке күрөшүү жөнүндө көп көңүл бурат, мыйзам чыгарганда адам укугун четтетип салат. Ошон үчүн азыркы мыйзамда кайра эле адам укугу боюнча бир дагы сөз жок. Ал жерде булардын саясатында бийликке күрөшүү деген негизги маанисин алып атышат. Биз айтып атабыз, саясат деген жалгыз эле бийликке күрөшүү эмес, ал жерде адам укугу дагы бар, андан тышкары жарандардын бүт социалдык-экономикалык проблемалары бар.

- Мындай мыйзам долбоорун иштеп чыгуу азыркы кезде башталышы эмнеге байланыштуу. Мүмкүн бул чочулоолордондур, Американын базасы чыкты, Америка эми Кыргызстанга адам укуктарына өзгөчө көңүл бура баштайт, өкмөттүк эмес уюмдар күчтөнүп иштей баштайт деген чочулоодон эмеспи?

- Жок, мен антип айта албайм. Бирок менимче, азыр диний-экстремисттик деген чыгып атпайбы, алардын концепциясы дагы мамлекеттин коргоосун көтөрүү, алар ошол уюмдар менен күрөшөбүз деп, ошонун аркасынан бүт бейөкмөт уюмдардын баарын бекитип салып атышат.

- Бир мындай байкоо бар, Акаевдин мезгилинде өкмөттүк эмес уюмдар адам укуктарынын сакталышына өзгөчө көңүл бөлөт эле, ошондо көп маселелер көтөрүлөт эле, азыркы кезде андай активдүүлүк байкалбайт. Же адам укуктары бизде анчалык бузулбай калдыбы?

- Жок, андай эмес. Эгерде Акаевдин мезгилинде Кыргызстанды бейөкмөт уюмдардын мамлекети деп мактанып чыгышчу эле эл аралык уюмдардын алдында. Азыркы учурда биз андай деп айта албайбыз. Анткени көп мыйзамдар бейөкмөт уюмдарга таасир этип атат, ошонун ичинде адам укугун коргогон өкмөттүк эмес уюмдарды оппозициялык партия катары көрүшүп, бийлик менен күрөшөт деп биз кысымга дуушар болуп атабыз. Ошон үчүн адам укугун коргогон уюмдарды көрүп, башка социалдык багыттага бейөкмөт уюмдар кичине коркуп калышты. Адам укугу бузулбай калды деп айта албайбыз, азыр көрүп атабыз жалгыз эле жарандык укуктар эмес, азыр социалдык-экономикалык укуктар да бузулуп атат.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG