Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Укук коргоочулар Ноокат окуясы боюнча Жогорку Сотко кайрылышат


Бул тууралуу көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрү бүгүн билдиришти. Алардын айтуусунда, адам укуктарын тебелөө, кыйноо жолдору менен жүргүзүлгөн тергөө, бир жактуу чыгарылган сот чечимдери адилетсиз болуп калгандыгы иликтөөнүн жүрүшүндө ачыкка чыкты. Ошондуктан, бул чечимдер Жогорку Сотто каралып, өзгөртүлүүгө тийиш, деп билдирди комиссиянын төрайымы Азиза Абдурасулова. Анын кошумчалаганы боюнча, кечээ комиссиянын өкүлдөрү мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу менен жолугушуп, Ноокат окуясы боюнча көз карандысыз иликтөөнүн жыйынтыгын ага беришкен. Мамлекеттик катчы өз кезегинде бул маалымат менен президент Бакиевди кабардар кылууга убада берген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG