Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:17

Оппозиция менен бийликтин ортосундагы диалог тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна мурдагы мамлекеттик катчы, өлкөдөгү белгилүү элчилердин бири, Жапониянын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгынын ээси Ишенбай Абдыразаков жооп берди.

- Бийлик менен оппозициянын сүйлөшүүсү башталбай туруп эле туңгуюкка кептелип калгандай болуп турат. Ортомчулук вазийпасын алган аксакалдар туңгуюктан чыгуу үчүн кандай аракеттерди жасаш керек жана жасалып жатат?

- Элге муну туура түшүндүрүш керек. Биз ортомчу болуп, өзүбүз ортодо болуп берели деген демилге кылган эмеспиз. Негизги себеби - жакында оппозицияда жүргөн бир топ адамдарга кылмыш иштери козголгонго байланыштуу. Биздин шартта бул абал терс көрүнүшкө айланып баратат, эгерде кызматта жүргөн адам укукту бузуп, кылмыш иштерин жасаган болсо алар өз убагында жазаланыш керек кетирген катачылыгына жараша. Бирок алар кызматта жүргөндө унчукпай, аны бир кайрымакка илип коюп, анан кызматтан кетип, өзгөчө оппозиция тарабына өтүп кеткенден кийин ошондой иштин башталып атканы өзү жакшы эмес, бул жакшылыкка алып келбейт. Биздин кайрылуунун негизги өзөгү ошондо болчу. Андан кийин биз кайрылган бир топ адамдардын чакыруусу менен Ак сарайга барганбыз, ошондо өзүбүздүн пикирибизди айтканбыз. Алар да оппозиция менен элдин ынтымагы, биримдиги үчүн, азыркы кыйынчылыктан чыгып кетиш үчүн саясий диалог болсо жакшы болот эле дегенден биз дагы колдогонбуз.

- Бирок ошол аракеттер эмне үчүн азыр жылбай турат?

- Алардын дагы пикирин угуп, ал жерде болгон сөздүн маанисин оппозицияда жүргөндөргө айтканбыз, ушундай-ушундай деген сөз болду, эгерде ошол маселелер эле эмес, андан калса биздин өлкөдөгү акыбал боюнча кененирээк пикир алмашууга алар өзүнүн макулдугун берип атат, силер кандай дейсиңер деп айтканбыз аларга. Андан кийин алар макул ойлонобуз, кеңешебиз деп айтышкан, анан өздөрүнөн конкреттүү жооптуу жеке мен өзүм уккан жокмун. Менден башка барган дагы кишилер бар эле, балким ошолор аркылуу жүргүзүп жаткандыр. Менин азыр башка иштер менен колум бошобой атат. Ошол бийликтин өздөрүнөн деле көп катачылык кетип атат, оппозиция жактан дагы баары телегейи текши деп айтыш мүмкүн эмес, эки жактан тең кемчиликтер болуп атканын биз бетине айтып эле атабыз. Эгерде ошолор макул деп, азыркы эң актуалдуу маселелер боюнча сүйлөшөлү, өлкөдөгү начар абалдан чыгып кетүүнү кандай кылыш керек, биригип аракет кылып көрөлү деген болсо, анда мен өзүм аларга кошулуп, алардын ортосунда тигил жагын, бул жагын да угуп, өзүмдүн калыс сөзүмдү айтып бергенге даярмын. Калгандар үчүн жооп бере албайм.

- Оппозиция өкүлдөрү саясий куугунтукту токтотуу маселеси сүйлөшүүнүн биринчи предмети болуш керек эпе дешүүдө. Ошон үчүн алар Мукар Чолпонбаев башында турган юристтердин тобун даярдашып, алар биз даярбыз деп кат жазып, сизге дагы кайрылышкан экен?

- Мен ал катты алганым жок. Мага айтышкан ушундай кат жаздык деп, мен айткам, көчүрмөсүн мага бергиле деп. Бирок эмгиче ала элекмин. Саясий себеп боюнча куугунтук жасагандын өзү туура эмес деп мен какшап айтып келатпаймбы көптөн бери, мен ошол позициямдан тая элекмин.

- Бийлик тараптан ушуну моюнга алып жатышатбы, мисалы мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу бизде саясий куугунтук жок деп айтып жатат. Андай болсо Исмаил Исаков, Аликбек Жекшенкуловго жана башкаларга козголгон кылмыш иштерди кандай баало керек?

- Мен ага ачыгын айттым, ал жерде Нур уулу дагы, Данияр Үсөнов дагы, башкы прокурор дагы айтышты, президент, биз тарабынан эч кандай көрсөтмө болгон жок деген сөздү. Мен ага берген жообумду айтып берейин, макул ошондой болсун дейли, силерден, жогору жактан кетпептир, ошондой болсо дагы бирөө ошону козгоп атат да, ошол ким, баарын иритип-чиритип аткан ошолор болуп атпайбы, ошону тартипке келтирели, бул боюнча саясий принцип болсун. Саясий көз караш үчүн куугунтукка алгандын өзү жакшы эмес, бул биздин идеологиябызга да, койгон максатыбызга да туура келбейт деп айттык. Алар дагы ошого макул болуп, силердин айтканынар туура деп атат. Бирок бекер жеринен түтүн чыкпайт да. Демек бирөөлөр ошону козгоп, түрткүлөп атат, ошону мыйзамга ылайыктап туруп жасагандай болуш керек, эгер кылмыш болсо ар нерсени өз убагында жасаш керек.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG