Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Майлуу-Cуудагы электр шамын чыгарчу заводдун карызы көбөйүүдө


Жумушчулардын билдиришинче, завод алардын төрт айлык акысын төлөп бүтө элек жана толугу менен иштебей атат. Ишкананын профкому Арзыкан Арзыкулова ушу тапта ноябрь айы үчүн айлык төлөө аяктап, декабрь айлыгы калганын, январь, февраль айларында жумушчулар акысыз эс алууда болушкандыгын маалым кылды. Анын айтымында, насыя, газ, электр жарыгы, суу, социалдык фонд карыздары болуп завод 200 милион сомдон ашык карыздар болду. Социалдык фонд сотко берип, сот заводду кудуретсиз деп жарыялаган. Жумушчулар үчүн ишкана 32 миллион сом төлөмөр. 26-февралда бир нече цехтер ишин кайра жандарды. Майлуу-Cуу электр шамдарын чыгарчу заводу 2-марттан толук иштей баштайт деген маалымат Арзыкан Арзыкуловадан алынды. (YA)

XS
SM
MD
LG