Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:47

Таласта «Ата Мекен» партиясынын бир мүчөсүнө бийлик тараптан коркутуулар болууда


«Ата Мекен» партиясынын мүчөсү, «Ачык саясат» гезитинин Таластагы кабарчысы Данил Акжолов бүгүн «Азаттыкка» бийлик тараптан ага коркутуулар болуп жатканын кабарлады. Өткөн айда «Ата мекен» партиясынын лидери Таласка келип партконференция өткөрүп жаткан мезгилде үйүмдүн айнегин таш менен белгисиз адамдар талкалап кеткен дейт, Акжолов. Ал мындай көрүнүштү бийликтин эскертүүсү катары кабыл алганын билдирди. Анын айтымында, андан кийин да айрым бийлик өкүлдөрү телефон аркылуу ага чыгып, “президентти өз жайына койгула” дегендей сөздөрдү айтканын ырастады. (UA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG