Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:59

Пономаревду кайтарууга УКМКдан жолдомо түшкөн


Чегара кызматынын басма сөз кызматынын жетекчиси, подполковник Үсөн Полотов укук коргоочу Виталий Пономаревдун кармалышы боюнча “Азаттыкка” ушинтип билдирди. Маалыматка караганда, 26-февралга караган түнү Москва-Бишкек каттамы боюнча "Манас" аба майданына түшкөн Орусиянын 45 жаштагы жараны Виталий Пономарев өлкөгө киргизилген жок. Себеби, Улуттук коопсуздук кызматынан чегара кызматына түшкөн жолдомодо ага 5 жылга дейре Кыргызстанга кирүүгө тыю салынган. Ноокаттагы окуяга карата көз карандысыз комиссия жыйынтыгы ачыкталчу маалымат жыйынына келе жаткан укук коргоочу Виталий Пономарев ушул эле күнү таңкы 06.30да Бишкек-Москва каттамы менен Кыргызстандан чыгарылган. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG