Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:55

Дин башкармалыгы мечит курууга өлкө боюнча каражат чогултат


Бул тууралуу кечээ президент Курманбек Бакиев менен жолугушууда Кыргызстандын муфтийи Муратаалы ажы Жуманов билдирди. Жолугушууда Бишкекте жаңы мечиттин курулушу жөнүндө сөз болду. Муфтийдин маалыматына караганда жаңы мечитти курууга 4 млн. доллар талап кылынууда. Бул каражаттын жарымынан көбүн араб өлкөлөрү берет. Калган 40 пайызын Кыргызстан өзү табышы керек. Бул максатта мусулмандар муфтияты март айынын этегинде республика боюнча марафон өткөрүүнү көздөп жатат. Жолугушууда президент мечит курууга колдоо көрсөтөөрүн билдирди. Былтыр кыргыз өкмөтү 10 миң кишиге эсептелген мечит куруу үчүн жер аянтын бөлүп берген.
Президенттин маалымат кызматынын билдиргенине караганда бул жолугушууда өлкөдөгү диний кырдаал тууралуу да сөз болду. (BuS)

XS
SM
MD
LG