Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Кыйноолорго каршы уюм Т.Курманбековдун саламаттыгына тынчсызданууда


Кыйноолорго каршы эл аралык уюм айыпталуучу Таалайбек Курманбековдун саламаттыгына тынчсызданып жатат. Адам укуктарын коргоо комитетинин маалыматына таянып тараткан уюмдун билдирүүсүнө караганда жалалабаддык бул тургун жергиликтүү базарда уурулук кылды, милицияга акаарат келтирди деген доо менен кармалып, Жалалабадда камакта отурат. 6-февралда анын күнөөсүн моюнга алдыруу үчүн жергиликтүү тартип коргоо кызматкерлери таяктап, катуу сабап салышкан. Азыр анын абалы оор жана ага көз карандысыз дарыгерди киргизүүгө, кыйноо фактысына маани берилбей жатат деп айтылат билдирүүдө. Буга байланыштуу уюм Эл аралык нормаларга каршы келген бул окуяга Кыргызстандын бийлигинин көңүл буруусуна ынтызар. (BuS)

XS
SM
MD
LG