Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:31

Ишенбай Кадырбековдун соту 6-мартта кайра жандандырылышы мүмкүн


Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокат Азимбек Бекназаров судьянын маалыматына таянып билдирди. Кадырбековдун соту экспертизалык иликтөөлөр жүрүп жаткандыгына байланыштуу декабрда токтоп калган. Курулуш жана архитектура агенттигинин ошол кездеги директору Кадырбековдун тушунда Кочкордогу мектепти курууда 18 млн. сомду курулуш ишканасы “жеп” алган деген доомат соттук териштирүүдө негизделбей калып, сот бул фактыны кайра карап чыгууга экспертизага жиберген болчу. Экспертизанын тыянагы менен сот бүгүн адвокаттарды тааныштырганы жатат. Кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деген доо менен Кадырбеков былтыр апрелден бери камакта отурат. (BuS)

XS
SM
MD
LG