Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:42

Бейөкмөт уюмдар мыйзам долбооруна каршы жумушчу топ түздү


Буга депутаттар тобунун “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” жана “Юридикалык тараптарды мамлекеттик каттоого алуу жөнүндөгү” мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү демилгеси негиз берди. Жарандык лидерлер бул долбоорлор кабыл алынса демократияга коркунуч келип, бейөкмөт уюмдардын укуктары чектелип каларын эскертишүүдө. Мыйзам долбооруна каршы акцияларды уюштуруу боюнча түзүлгөн топ кол топтоо, кайрылуу жолдоо, Конституциялык Сотко кайрылуу өңдүү аракеттерди жасоо максатын көздөөдө. Мындай чечим кечээ 50 чамалаш бейөкмөт уюм өкүлдөрүнүн чукул жолугушуусунда кабыл алынды. Демилгечи депутаттардын бири Искак Масалиев “Азаттыкка” долбоор даярдоону бейөкмөт уюмдарды саясатка аралаштырбоо максат менен байланыштырды. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG