Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:48

Т.Бакир уулу: Күч органдары элдин эмес, бийликтин укугун коргоодо


АКШнын Мамлекеттик департаментинин Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына карата баяндамасы боюнча мурдагы Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу “Азаттыктын” таңкы түз обосунда кеп салып берди.

- Сиздин байкооңуз боюнча Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышы кандай болуп жатат?

- 2005-жылы Жогорку Кеңешке өзүмдүн баяндамамды сунуштап жатканда мурдагы бийликке караганда, азыркы бийлик адам укуктарын көбүрөөк бузуп калды деп айткан элем. Маселен, 2004-жыл менен 2005-жылды салыштырып айтсак, 2004-жылы Акыйкатчыга 14 миң арыз түшсө, 2005-жылы 60 миң арыз түшкөн. Башкача айтканда, адам укуктарынын бузулушу төрт эседен ашыкка көбөйгөн. Буга бийлик чыдабай Акыйкатчы атайлап жамандап жатат деп, мага таарынычын билдирип, бир жыл он күн болду жумушсуз жүрөм. Мейли мага ишенбесин, экинчи Акыйкатчы да маалымат берип жатпайбы өзүнүн баяндамасында. Жакында Жогорку Кеңеш аны угат. Экинчи Акыйкатчынын баяндамасында да демократиядан артка кетип, адам укуктары көбүрөөк бузулуп калганы белгиленүүдө.

- Демек, АКШнын Мамлекеттик департаментинин баяндамасында белгиленген Кыргызстанда жарандардын өз өкмөтүн алмаштыруу мүмкүнчүлүгү чектелгени, расмий бийлик тараптан күч колдонуулар, абактарда абалдын начарлаганы, сот бийлигинин көз карандылыгы, өкмөттүк эмес уюмдарга жана оппозициялык лидерлерге кысым чындыкка туура келеби?..

- Албетте. Бул жерде бир эле мурдагы Акыйкатчы, же азыркы саясатчы эмес, карапайым калк менен сүйлөшкөндө да билинип турат. Эгерде Аскар Акаевдин мезгилинде сотторго мурунку президент өзү айткандай калктын 80% ишенбесе, бүгүнкү күндө 99.9% ишенбейт. Эгерде сотто акыйкаттык таппаса, албетте адамдын көңүлү чөгүп, мамлекетке, бийликке ишенбей калат. Андан сырткары милициянын, коопсуздук кызматтын, прокуратуранын ишин, аракеттерин көрүп жатпайбызбы. Ошондуктан мен атап кеткен күч органдардын бардыгы бийликке көз каранды болуп, адам укуктарын эмес, бийлик укуктарын коргоп жатат. Кыргызстандын жарандары өзүн коргой албай калды. Эл аралык уюмдар да Кыргызстанда пассивдүү ролго өтүп калды. Муну коркпой эле ачык айтыш керек. ЕККУ, БУУ жана башка эл аралык уюмдар өздөрүнүн кадыр-баркын жоготуп, негедир унчукпай турушат. Алар бул жерде, Кыргызстанда адам укуктары бузулуп жатат деп коңгуроо чалыш керек эле. Бирок өкүнүчтүү...

- Адам укуктары боюнча баяндаманын таасири кандай болот? Өзгөчө АКШнын базасын Кыргызстандан чыгаруу маселеси чечилгенден кийин. Мүмкүн эми абал өзгөрөөр?

- Башка өлкөлөр, эл аралык уюмдар бийлик менен соодалашканды токтотуш керек. Өзгөчө саясий чайкоочулук токтотулуш керек. Эң негизи Кыргызстанда мыйзамдуулук, адам укуктары, демократия сакталыш керек эле. Өкүнүчкө чоң мамлекеттер, эл аралык уюмдар өздөрүнүн оюнун ойноп, унчукпай, көзүн жумуп койчу эле. Бүгүнкү күнү эми чындык айтылыш керек. Болбосо Кыргызстандагы бар нерсени жоготуп, коңшу мамлекеттерден эч айырмабыз калбайт. Бул мен ойлоймун, кыргыз элине да, дүйнөлүк коомчулукка да керек эмес. Ошондуктан чындык үчүн бир эле кыргыз эли эмес, биздин чыныгы достор болсо Мамлекеттик департамент да чыныгы отчетун берип, Кыргызстанга чара көрүш керек.

- "Мемориал" уюмунун өкүлү В. Пономаревдун Кыргызстандан чыгарылышына кандай баа бересиз?

- Пономаревду мен жеке тааныймын. Эскиден тааныштыгым бар. Ал жигит дайыма чындыкты айтып жүрөт. Эми муну киргизбей коюу бул башка өлкөлөрдөн үлгү алуу. Андай адамдарды киргизиш керек. Ал жамандык эмес, жакшылык алып келиши мүмкүн эле өзүнүн сөзү менен. Кыргыздар “дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат” деген макалды унутпаш керек. Бул күйдүрүп айткан жигиттерден эле.

- Мамлекеттик департаменттин отчетунда абактарда кургак учукка каршы чаралар көрүлүп жатат, коррупцияга каршы күрөштө абакка камоолор болду деп, ушул эки нерсе оң жылыш катары көрсөтүлгөн. Мындан башка оң жылыштар болду деп ойлойсузбу?

- Мен абактарда өзгөрүштү көргөн жокмун. Сиз атап кеткен нерселер абактарда адам өлтүрүүлөр болгондон кийин болду. Эгерде эки жактан тең, абакта жаткандар жана аларды кайтаргандар тараптан өлбөгөндө мындай өзгөрүүлөр болбойт эле. Ошондуктан бул мажбур, аргасыз өзгөрүүлөр деп айтат элем.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG