Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:43

И. Масалиев: Өкмөттүк эмес уюмдар өз багытында иштеш керек


Коммунисттик фракциянын лидери Исхак Масалиев “Азаттыктын” таңкы маегинде “Коммерциялык эмес уюмдарга” байланыштуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн максаты тууралуу кеп салып берди.

- Өкмөттүк эмес уюмдарга байланыштуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн, биздеги укук коргоочулар айтып жаткандай аны катаалдантуунун максаты эмнеде?

- Биринчиден, мен тактап кетейин, өкмөттүк эмес уюмдар эмес, “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизилип жатат. Бирок экөөнүн мааниси бир эле. Максат болсо бирөө, бүгүнкү күндө коммерциялык эмес уюмдар түзмө-түз өзүнүн алдына койгон максатын аткарбай, саясий иштерге аралашып жатышат. Ошондуктан ага чектөө коюлуш керек деп сунуш берип жатам. Эгерде кимдир-бирөө саясий күрөшкө, саясий ишмердүүлүккө аралашам десе, ал үчүн саясий партиялар бар. Ал эми коммерциялык эмес уюмдардын максаты, милдеттери таптакыр башка. Мисалы үчүн кайсы бир коммерциялык эмес уюм билим берүү системасында, же айыл чарбасын өнүктүрүү багытында иштесе ошол маселе менен алек болуп, ошонун үстүндө иштеш керек. Ал эми саясат үчүн өзүнчө жолу бар. Экинчиден, ошол эле коммерциялык эмес уюмдарга өкмөт тарабынан материалдык жардам болуш керектигин биз мыйзамда сунуштап жатабыз. Себеби бул уюмдардын көпчүлүгү чет өлкөлүк, эл аралык уюмдардан акча алып, ошол каражат менен иштеп жатат. Чет өлкөдөн акча алып туруп, саясатка аралашуу биздин мыйзамдарга туура келбейт.

- Саясат менен адам укуктары абдан жакын байланышта турат. Адам укуктары багытында иштеген өкмөттүк эмес уюмдар сиздердин мыйзам боюнча кандай абалда калат?

- Мен ойлоймун, биринчиден так түшүнүп алыш керек. Саясий күрөш, саясий ишмердүүлүк деген бул адам укугун коргоо деген эмес. Эгерде адам укугун коргоочу уюмдар аянтка чыгып, “Акаев кетсин”, же “Бакиев кетсин”, же “Масалиев кетсин” десе, мамлекеттин түзүлүшү өзгөрүш керек, аны мындай кылыш керек десе, анда бул саясий күрөш болот. Ал эми баланча жарандын укугу тебеленип жатат, ошол жарандын укугун коргош керек деп талап кылса, бул саясий ишмердүүлүк эмес. Муну баш-аламан кылбай туруп эле туура түшүнүш керек. Ал жерде эч кандай чектөөлөр болбойт.

- Өкмөттөн каржы алган өкмөттүк эмес уюм кантип өкмөттү сындай алат?

- Мыйзамда сөзсүз каражат берилиш керек деген талап жок. Мүмкүнчүлүк берилет. Бүгүнкү күндө коммерциялык эмес уюмдар кайсы бир каржы менен иштеш керек да. Бүгүнкү күндө көбү чет өлкөнүн каражаты менен иштеп жатышат. Ошондой эле укук биздин өкмөткө да берилиш керек. Биздин билим берүү, балдар тарбиялоо системасында жетишпестиктер көп. Ошол багытта иштегендерге өкмөт жардам берсе болот да. Дайыма эле кедей болбойбуз да. Тыйын-тыпыр болгондо жардам берсе, иштешсе болот.

Өкмөттүк эмес уюмдарды адатта активдүү адамдар түзөт. Алар саясатта да активдүү болушат. Эгерде ал адам саясий көз карашын айтып чыкса, бирок уюму өз багытында иштей берсе, сиздердин мыйзам мына ошол бир адамдын эки багыттагы ишин кандай карайт?

- Эми биз өзүбүздү-өзүбүз алдабашыбыз керек. Адам качан активдүү болот? Качан каражаты жетиштүү болгондо, же идеологияга, принциптерге чындап берилип чыкканда активдүү болот. Мына ушул эки учурда активдүү болот. Ошондуктан бир жерден айлык алып, экинчи жерде саясат жүргүзүп, жалган айтпаш керек. Муну эки жүздүүлүк дебесем да, аракет мындай болуп жатат да, чет өлкөдөн булагын таап каражат алып, ал эми Кыргызстанда саясатка аралашуу болуп жатат. Бүгүнкү күндө саясат менен алек болууга эч кандай тыю жок. Кааласаң бир партияга киргин, кааласаң эки партияга киргин, эгерде партиянын уставы туура көрсө.

- Сиз бир айттыңыз эле АКШ базасын чыгаруу менен өкмөттүк эмес уюмдарды каржылоо күчөйт деп. Бул өңүттөн алганда коммерциялык эмес уюмдарга байланыштуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн максаты ошонун алдын алуу эмеспи?

- Эми алардын байланышы жок деп айткан калп сөз болот. Чын эле байланыш бар. Америка Кошмо Штаттарынын саясатын карасаңыздар, эгерде алар аскер базасын өз ыктыяры менен эмес чыгарып кете турган болсо, ошол мамлекетте саясий күрөш күчөйт. Себеби АКШнын саясатынын негизги багыты дүйнөдө биринчи мамлекет болуу. Кандай жол менен ага жетишүү анчалык маанилүү эмес. Ошондуктан бул маселе күчөп кетиши мүмкүн. Ошол мезгилде өкмөттүк эмес уюмдардын ишинин тартибин тактап, каттоо маселесин күчөтүп, мамлекеттик органдардын маалымат алуусуна шарт түзүп берүү зарыл.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG