Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:47

АКШ президенти келерки жылга бюджет долбоорун сунуш кылды


Бул - Барак Обаманын администрациясынын федералдык бюджет боюнча биринчи сунушу. Сунушка ылайык, америкалык бюджеттин көлөмү 2010-жылы 3, 5 триллион доллардан ашат. Бюджет таңкыстыгы болсо 1 триллион 750 миллиард доллар. Бул АКШнын Улуттук дүң өндүрүшүнүн 12,3%на барабар жана бюджет таңкыстыгынын Экинчи дүйнөлүк согуштан бери рекорддук деңгээлге чыгуусу.
Барак Обама өтө байлар үчүн салыкты жогорку деңгээлде кармоону, саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо үчүн ири өлчөмдөгү каражат ажыратууну сунуш кылууда.
Баяндмачылар белгилеп жаткандай, Барак Обаманын бюджет боюнча сунуштары Жорж Буштун администрациясынын саясатынан олуттуу айрымаланат жана ал шайлоо учурунда берген убадаларды чагылдырууда.
Бюджетте алдыдагы 18 айда АКШнын согуштук аракеттери үчүн 200 миллиард доллар ажыратуу каралган, мунун 75,5 миллиарды Ооганстандагы операцияларды күчөтүү үчүн жумшалат.
Президент Обама бюджет боюнча сунушун жарыялагандан кийин коргоо министри Роберт Гейтс АКШ "курал программаларынын баарын" кайрадан карарын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG