Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

“Жашылдардын” төрагасы “Слово Кыргызстан” менен соттошот


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаев билдирди. Анын айтымында буга “Слово Кыргызстана” гезити 25-февралдагы санында Эркин Бөлөкбаев президенттен жазуу түрүндө кечирим сурады деп жазгандыгы себеп. “Жашылдар” партиясынын төрагасы кечирим кат жазган эмесмин жана жазбайм жана муну менен гезит менин кадыр-баркыма шек келтирди деп билдирди. Аталган партия төрагасына партиянын мүчөсүнүн кеңсесинен президент Бакиевди келекелеген сүрөттөр табылды деп, президенттин абийирине шек келтирген деген айып менен Башкы прокуратура Биринчи Май райондук сотуна кайрылган. Сот иши уланууда.(BD)

XS
SM
MD
LG