Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:57

Б.Бешимов мамлекеттик башкарууну кайра түзүүнү сунуштады


Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Бакыт Бешимов бүгүн ушундай билдирүү таратты. Анда өлкөнүн стратегиялык өнүгүүсү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында жаңы Салык кодексинин колдонууга жарамсыз экендигин таануу мамлекеттик маанилүү чечимдерди ар түрдүү пикир, сунуштардын негизинде гана кабыл алуу зарылдыгын далилдеди деп айтылат. Депутат андан тышкары “Телекөрсөтүү жана радио уктуруу” жөнүндө бир жактуу кабыл алынган мыйзам да бир тараптуу чечимдердин натуура экендигин аныктады, кесипкөй, иш билги мамиленин жоктугунан өкмөт элдин талабына каршы чечимдерди кабыл алып, кыйнап жатат деп, башкарууну түп-тамырынан өзгөртүүнү сунуш кылды. Президент К.Бакиев стратегиялык өнүгүүгө арналган ушул шаршембидеги жыйында өкмөт чечимдерди кесипкөй дыкат анализден кийин кабыл алуу зарылдыгын билдирип, ага кайра-кайра оңдоо зарыл болуп жаткан Салык кодексин мисалга алган.(BD)

XS
SM
MD
LG