Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:15

Бийликте соодагерлер отурат


Оппозиция менен бийлик, саясат, экономикалык-социалдык маселелер, эл көйгөйү... Бүгүн жарык көргөн гезиттер мына ушулар тууралуу жазып чыгышты.

“Агым” гезити аркылуу курган маегинде саясат иликтөөчү Марс Сариев Кыргызстандын тарыхындагы бийлик табияты жөнүндө кызыктуу ойлорун айткан. Анын байкашына караганда, 37-жылкы кандуу репрессияга чейин кыргыздарда башкаруунун аксөөктүк системасы иштеп келген. Маселен орустарды токтотуу үчүн белгилүү Алай ханышасы Курманжан датка өз баласы Камчыбектин өмүрүн аяган эмес. Кийин бийлик башында аксөөк тукумунан Жусуп Абдрахманов турган. Мындай тукумдагы адамдардын баары мамлекеттүүлүк идеяларын көтөргөн. Элди эл кылгысы келген. Бирок Совет бийлиги орнору менен мындай мекенчилдердин көзү тазаланып, бийликке кедей-дыйкандардын үй-бүлөсүнөн чыккан каратамандар келип, алар Маскөө үчүн робот болуп иштеп беришкен. Азыркы бийликте олтургандардын түбү да ошол насилден. Ошон үчүн алар ар дайым кылчактап, өзүнө ишенбей, тияк-бияктан кожоюн издей берет.

Марс Сариевдин айтуусунда, бийликте бүгүн соодагерлер олтурат. Демек соодагер адам баары бир баарын сатып пайда көрүүнү гана көздөйт. Бизде М. Иманалиев, Б. Бешимов сыяктуу бийлик системасын жакшы түшүнгөндөр бар. Ал эми Д. Үсөновду кайда койсоң да ал баары бир өз чөнтөгүнүн кирешесин гана ойлойт. Ал үчүн акча 1-орунда. Аскар Салымбековду койсоң бардыгын базарга айлантышы мүмкүн. Бизде азыр мугалимдер эмес, базарком, рэкет, сойкунун культу алдыга чыкты. Анткени мектеп окуучулары ушулардын деңгээлинде ой жүгүртүп калды. Маскөө өз улуту үчүн күйгөндөрду эч качан каалаган эмес. Ошон үчүн улут тагдырын чече турган адамдарды тездик менен өстүрүп, өз-өз ордуларына коюу керек деп эсептейт саясат иликтөөчү.

Гезит “Бомбейкат” рубрикасы аркылуу окурмандардын каттарын сунуш кылды. Мисалы 185 эненин атынан кайрылган Каныкүл Дербишалиева Бүткүл дүйнөлүк ислам жаштарынын ассоциациясы же ШАМУ деп аталган уюму Кыргызстандын булуң-бурчунан атасыз 800 жетим баланы 4-5 жылдан бери багып келатканын белгилеп, бул уюмду “Кой терисин жамынган ыйманчылар же экстремизим кайдан чыгат?” деген макаласы аркылуу жаманаттылап жазган Эрнест Абдрахманды уюм жетекчилеринен кечирим сурашын талап кылган. “Бомбейкаттын” дагы бир каты “Азыркы обончулар соодагерби же модагерби?” деп аталса, дагы бир кат элдин канча миңдеген акчаларын алдап алып, качып-житип жүргөн “Жаныбек Аттокуровду Молдомуса Коңгантиев калкалайт өңдөнөт” деп аталган.

“Кыргыз руху” гезити “саясый портретке штрихтер” деген рубрика алдында азыркы каржы министри Марат Султановго үч бөлөк макала арнады. 1-макалада мурдагы Жогорку Кеңеште төрага болуп туруп короздой чукчуңдашы менен ал эл алдында кадыр-баркын кетирип алганы менен бийлик алдында кадырын жогорулатканын, эгер Мадумаров менен Үсөнов тандеми мындан ары карай да кол бала болуп, тепкен жакка кете бере турган болсо, Марат Султанов катарында турган “бригада” күчкө кирерин кеп кылган.

2-макалада М. Султанов жердеш агалары, белгилүү саясатчылар А. Эркебаев, И. Исаков, Б. Ааматов менен ымаласы жоктугу, ошентип Алымбек датканын “төрт баласы” сырттарынан сыпайы көрүнгөнү менен бет карашпай, ар кимиси өз бугун ичине катып, түтөп келатканы жөнүндө баяндалат.

Ал эми 3-макалада “Акаев өстүргөн кадрлардын ичинен эң бийик секиргени да, стабилдүүсү да М. Султанов болду, ал гүлдөн-гүлгө көпөлөктөй көчүп-конуп туруктуу келатат. Бардык жерде өз киши. Ал тургай Үзөңгү-Кууш кетип жатканда да “жүрөгүм каршы”, “акылым макул” деп калыс добуш берген, айтор азыр Марат Абдразаковичтин “мээси” кайда, “жүрөгү” кайда экенин билип болбойт” деп жазды.

Ушул эле гезиттин “Абасыз, жарыксыз, суусуз да жашоого болот” деп аталган баяны Бишкектин таштанды төгүүчү жайына жакын салынган, тургундары жалаң “Ак жол” партиясынын мүчөлөрү болгон, жарыксыз, мектепсиз, суусуз, ал тургай “абасыз” жашап жаткан “Алтын казык” жаңы конушундагы тургундардын азап-тозогун айтып берген.

“Ачык саясат” гезити Бакиев оппозиция лидерлери менен жолугушууга даярмын дегени менен анын кол алдындагылар кырдаалды күчөтүп, кылмыш иштерин кыскартуунун ордуна шашылыш сотко өткөрүп жиберишкени кеп кылган макала басты. Анда Кочкордо Аликбек Жекшенкуловду, Алайда Исмаил Исаковду коргоо комитеттери түптөлүп жаткандыгы маалымдалат. Эл дагы бир ыңкылапты көтөрө албастыгын чекист Мирослав Ниязов эскерткени айтылат. “Айтор Ала-Тоону дагы бир ыңкылаптын карааны аралап жүрөт” деп аяктайт макала.

Гезит баяндамачысы Эртабылды Аттокуровдун “Карыздар эгемендүүлүктүн “кепинине” айланбайбы?” аттуу макаласында азыркы бийлик ээлери мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөрдө жагынуучулук жолду тандап алгандыгы туурасында сөз кылат. Казакстанга тартуулаанган 4 пансионат, АКШ авибазасын чыгарууну Маскөөгө сүйүнчүлөп, анысына 2 млрд. доллар карыз алган Бакиевдин бул “иштери” дайыма ырасмий сапарларда ишке ашып келгени айтылат. Автор Камбар-Ата ГЭСинин курулушу мамлекетке пайда алып келеринен күмөн саноолорун окурмандар менен тең бөлүшөт.

“Айгай” гезити “Бүгүн кыргызга улуттук лидер аба менен суудай керек” деген ат менен саясатчы Равшан Жээнбековдун буга чейин массалык маалымат каражаттарында жарык көргөн макаласын кайрадан басуу менен окурман журтун улут лидерин тандоого үн кошууга чакырган. Гезиттин дагы бир макаласы “Ленинчил жаш” гезитин саткан ким?” деп аталып, анын бир кездеги башкы редакторлорунун бири Мэлис Эшимканов жана “комсомолдук гезит” тууралуу баяндаган. Гезит мындан тышкары журналист Баратбай Аракеевдин маданият маселесинин көйгөйүнө арналган “Качан эле кыргыз баласы эшек менен дос болчу эле?” деген макаласын сунуш кылды. Автор анысында: “ Жанагы теледе жомок айткан кыз, бала эшектин такайы менен дос болуп алыптыр. Эй чала сабат намыссыздар, качан эле кыргыз баласы эшектин тукуму менен дос болчу эле? Кыргыздын канаты эшек беле, ат беле! Кыргыздын баласы козу-улак менен моюндашып, кулун менен куушуп ойночу эмес беле? Эмне эшектин такайынын ордуна кулун алып чыгуу керектигин билген бир жан жокпу теледе?” деп суроо коюп, мамлекетте маданият эмес, коррупция, кымбатчылык, кылмыштуулук, диний фанатизм, маңкуртчулук өнүгүп жатканын, аны президент айткысы келбегенин кеп кылган.

“Кыргыз туусу” гезити Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттин укук тартиби жана соттук укуктук реформа боюнча комитетинин төрайымы Лейла Сыдыкова менен маектешкен. Төрайымдын маегинин аты: “Сотторго эл ишенбей калган, эми ишенет” деп аталат. Гезиттин дагы бир макаласы “Элдин өмүрү – анын тилинде” деп аталып, мамлекеттик тил мыйзамынын 20 жылдыгына арналып Улуттук университетте өткөрүлгөн илимий-практикалык конференциянын жүрүшүн чагылдырган. Ал эми сандан санга жарыяланып келаткан тарых илимдеринин доктору Абылабек Асанкановдун “Кытайлык кыргыздарга саякат” аттуу жолбаянында Шиңжандык кыргыздардын тамак-ашы, салат-санаасы, кийген кийим кечеги, журүм-туруму баяндалат.
XS
SM
MD
LG