Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Ишкердик чөйрөнү жакшыртуу боюнча ири долбоор ишке кирет


Дүйнөлүк Банктын тобунун өкүлдөрү (IFC) жана Швейцария өкмөтүнүн бул программасы беш жылга белгиленген. Долбоор алкагында бизнес кылууга тосколдук кылган мыйзамдарды жөнгө салуу боюнча өкмөттүк жана башка уюмдар менен кызматташуу болот. Жеке сектордо жана ишкердик чөйрөдөгү өзгөрүүлөр ири иликтөөлөр менен көзөмөлгө алынып турат. Долбоордун алкагында ишкерлердин укуктук сабатын жоюуга жардам да берилмекчи. Кызматташуу боюнча Швейцария бюросунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Андрэа Штудердин айтымында, бул долбоордун башкы максаты Кыргызстанда жеке сектордун туруктуу өнүгүшүн камсыздоо болуп саналат. Борбор Азия өлкөлөрүндөгү ишкердик чөйрөнү жакшыртуу боюнча Дүйнөлүк Банк Швейцария өкмөтү менен биргеликте 2002-жылдан тарта иш жүргүзүп келет. Кыргызстан IFCке 1993-жылы кошулган. Ошондон тарта ар кыл багытта 75 миллион долларлык жардам алган. (EBM)

XS
SM
MD
LG