Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Мындан 4 жыл мурунку парламенттик шайлоо бийлик алмашууга жол ачкан


2005-жылдын 27-февралында болгон парламенттик шайлоодо өлкөдөгү 74 округдун 73үндө шайлоо өтүп, 390 талапкердин ичинен 31 округда депутат шайланган. №34 Кочкор шайлоо округундагы шайлоочулардын 62 проценти талапкерлердин баарына каршы добуш бергендиктен, ал округда шайлоо болгон жок деп табылган жана 42 округда 13-мартта шайлоонун экинчи туру өткөрүлгөн. Биринчи турда жеңишке жеткендердин ону «Алга, Кыргызстан» партиясынан, бирөө «Адилет», бирөө «Жаңы күч» партиясынан көрсөтүлгөн талапкерлер болгон. Жарышка түшкөн 36 аялдын бири да жеңишке жетпей, Бермет Акаева, Шарипа Садыбакасова жана Ольга Безбородова жарыштын экинчи айлампасына калышкан.Шайлоонун жүрүшүнө 553 эл аралык, 15 миң жергиликтүү байкоочу көз салып, добуш берүүнүн жүрүшүн 72 эл аралык массалык маалымат каражаттары чагылдырган. Ал кездеги БШК шайлоо мыйзам чегинде өттү деген менен бийлик алмаштырууга чейин жеткирген массалык нааразылыктардын башаты ушул шайлоодон башталган.(BD)

XS
SM
MD
LG