Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Калк тандоосунун катаал жолу


2005-жылдын бул күнү алгачкы айлампасы өткөн парламенттик шайлоо 24-мартта бийлик алмашууга алып келген.
2005-жылдын бул күнү алгачкы айлампасы өткөн парламенттик шайлоо 24-мартта бийлик алмашууга алып келген.

Мындан туптуура 4 жыл мурда өлкөдө бийликтин алмашуусуна себеп болгон парламенттик шайлоонун алгачкы айлампасы өткөн. Адам укуктары бузулуп, саясий кысымдар күчөп жатат делген азыркыдай шартта артка бир кылчайып, ошол күндөрдөгү окуяларды эске салып коюну туура таптык.

2005-жылдын 27-февралында Кыргызстан калкы бир палаталуу Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлады. Борбордук шайлоо комиссиясынын түнкү саат 12деги маалыматы боюнча 61% ашуун шайлоочу добуш берүүгө катышып, шайлоого жалпысынан 389 талапкер ат салышкан. Биринчи турда 20дан ашуун талапкер жеңишке жетишкен.

Маселен, Бишкектеги Жал шайлоо округунан Кубатбек Байболов, Юнусалиевден Олег Журавлев, Күрөңкеевден Мамытбай Салымбеков, Чүй облусунун Кемин округунан Айдар Акаев, Аламүдүндөн Каныбек Иманалиев, Аксыдан Азимбек Бекназаров, Базар-Коргон-Сузак округунан Замирбек Мураталиев, Кара-Көл-Таш-Көмүрдөн Осмонбек Артыкбаев, Нарындын Ат-Башы округунан Аскарбек Салымбеков, Таластын Кара-Буура шайлоо округунан Өмүрбек Бапановдун көпчүлүк добуш менен шайланганы айкын болгон.

Экинчи айлампага чыккан оппозициядагы талапкерлердин катарында Курманбек Бакиев, Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Ишенбай Кадырбеков, Болот Шерниязов, Исхак Масалиев, Досбол Нур уулу, Жаныш Рустанбеков, Равшан Жээнбековдор болгон.

Көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан №1 Университет шайлоо округунда ошол кездеги президенттин кызы Бермет Акаева 50 пайызга жетпеген добуш алган.

Бул шайлоодо президент Аскар Акаев № Тоголок Молдо округунда добуш берип, андан кийинки маалымат жыйынында элди Конституцияны көздүн карегиндей сактоого чакырып, өзүнүн президенттик мөөнөтүн узартуу ниети жок экендигин жарыя кылган.

Аскар Акаевдин айтымында, бул жолу мурдагы шайлоолорго караганда шайлоочулардын маанайы жакшы, ал эми мамлекет бул шайлоого абдан жакшы даярдык менен кирген.

Аскар Акаев Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндө демилгени оппозиция президент Акаевди бийликтен кетирүү үчүн көтөрүп жаткандыгын жана аны АКШ Конгрессинин колу менен жасоону самап жаткандыгын билдирген:

- Конституциялык реформанын натыйжасында биз тең салмактуу президенттик-парламенттик республика болгонбуз. Эми парламенттик республикага кадам таштоо тең салмактуулукту бузууга алып барат. Мына ушундай жолду Украинанын президенти Леонид Кучма ишке ашырууга аракет кылган. Ошондуктан, бул сунуштар мага түшүнүксүз жана мен аларды азырынча ала элекмин. Аны качан алгандан кийин талкуулап көрөбүз.

Аскар Акаев бул маалымат жыйынында өз кызмат мөөнөтү тууралуу байма-бай айтылып жаткан кеп-сөздөрдү оппозиция жана айрым массалык маалымат каражаттары ойлоп чыгарган жалган ушак деп да айткан:

- Мен дагы бир жолу так жана ачык айткым келип турат. Мен жеке өзүм Конституцияга бир дагы өзгөртүү киргизүү ниетим болгон эмес жана болбойт. Мен муну буга чейин да бир нече жолу айткам. Бул оппозиция мага жөн жерден жабыштырып жаткан жалган сөз.

Ошол кездеги «Кыргызстан элдик кыймылынын» төрагасынын орун басары Ишенгүл Болжурова болсо “Азаттыкка” мамлекет башчысынын бул сөздөрүндө көп сыр жатат деген оюн айткан:

- Качан болсо президент ошентип айтат, бул сөзүндө көп сырлар жатат. Президенттин жанындагы “үчүнчү күчтөр” парламентке бүт өз кишилерин топтоп туруп, парламенттик республика кылгандан кийин спикерликке өз кишисин коюп алса, ошону менен ал турмуш жүзүндө бийлигин сактап кала алат. Ошентип Кыргызстанда династиялык бийлик орнотууга багытталган иштер жүрүп жатат.

27-февралдагы парламенттик шайлоонун алгачкы турунан кийин ошол учурдагы Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев парламенттик шайлоонун ачык жана тунук өткөрүлгөнүн жарыяласа, оппозиция шайлоо административдик каражатты ченемсиз пайдалануу менен өткөрүлгөнүн айтып чыккан.

Андан көп өтпөй, 2-мартта ошол кездеги Кыргызстан элдик кыймылынын лидери Курманбек Бакиев маалымат жыйынын өткөрүп, өзү ат салышкан №25 Кара-Үңкүр шайлоо округундагы жана жалпы эле өлкө боюнча шайлоо кампаниясынын жүрүшү боюнча билдирүү жасап, 27-февралдагы шайлоого адилетсиз жана акыйкатсыз деп баа берген.

Курманбек Бакиев анда үгүт кампаниясын жүргүзүү учурунда ага ар тараптан тоскоолдуктар жасалганын жарыялап, аны атып салуудан башка бардык айланы жасап, жолуна атайлап көчкүлөрдү түшүрүп, шайлоочуларды коркуткан жерде коркутуп, башка жеринде бир кап ун, 200 сом менен сатып алып жатышканын белгилөө менен өзүнө каршы жасалып жаткан иштердин артында президенттик шайлоо жатаарын айткан:

- Мага каршы жасалган иштердин баары күзгө белгиленген президенттик шайлоого барып такалат. Мындан үч жыл мурун Ала-Бука районундагы шайлоочуларым президенттик шайлоого катышасың деп ультиматум коюшкан. Ошондуктан бийлик кандай болбосун парламенттик шайлоодо мени кулатып, парламентке шайлана албаган адам, кантип президенттикке ат салыша алат деп айтып чыгууну көздөөдө.

Бакиев бул маалымат жыйынында андагы президент Акаевди мындайча сынга алган:

- Биздин президент Акаевдин бүгүнкү айтып жаткан сөздөрү менен жасалып жаткан иштер теңирден тескери. Мен муну Тогуз-Торо районунан кайтып келатып, Кочкордо митинг жасап жаткан Акылбек Жапаровдун жактоочуларына да айттым. Анткени чыныгы абал ушундай.

Курманбек Бакиев бул маалымат жыйынында парламенттик шайлоо акыйкатсыз жана адилетсиз өткөнүн, оппозиция парламентке карай жолдо канчалык тоскоолдуктар болгон сайын ого бетер күчтөнөөрүн да айткан.

Ошентип бул шайлоодон кийин жер-жерлерде алгачкы нааразылык акциялары тутана баштаган.
13-мартта болсо парламенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп, 40 округдагы депутаттык орун үчүн 80 талапкер ат салышкан. Бирок анда Курманбек Бакиев баштаган оппозиция өкүлдөрүнүн көпчүлүгү жеңишке жетпей калган.

Бул шайлоонун экинчи айлампасынан соң жер-жерлерде бийликке нааразылык күчөп, өлкө митинг-пикеттердин толкунунда калган. Ошол кездеги президент Аскар Акаевдин кызматтан токтоосуз кетүүсүн талап кылган нааразылык чаралары 24-мартта мамлекет башчысынын өлкөдөн качып кетиши жана Курманбек Бакиевдин бийликке келиши менен аяктаган.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG