Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:19

Amnesty International уюму Кыргызстан адам укуктары боюнча ишкердүүлүктү олуттуу чектеген өлкөлөрдүн катарына киргизилиши мүмкүндүгү боюнча билдирүү таратты. Бир катар укук коргоочулар да өлкөдө бул жааттагы абал кыйындап баратканын айтууда.

Өткөн жылы айт намазы учурунда Ноокатта болгон окуя боюнча көз карандысыз комиссиянын маалымат жыйынына катышуу үчүн жана адам укуктарына байланыштуу бир катар иш-чараларды өткөрүү максаты менен Москвадан келген “Мемориал” укук коргоо уюмунун башчысы Виталий Понамаревду күч органдары 26-февралдын таңында “Манас” аба майданынан Кыргызстандын аймагына киргизбей кайра артка жөнөткөн. Бул боюнча Amnesty International уюму тынчсыздануусун билдирип, Кыргызстан адам укуктары боюнча ишкердүүлүктү олуттуу чектеген өлкөлөрдүн катарына киргизилиши мүмкүндүгүн белгилеген.

Балдардын укугун коргоочулар лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова Кыргызстандагы адам укуктары жана сөз эркиндигине болгон Amnesty International уюмунан башка дагы эл аралык уюмдардын сын-пикирлерин толугу менен колдоорун билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда акыркы эки жыл аралыгында жарандардын оюн эркин билдирүүсүнө, сөз эркиндигине чек коюлуп, эми жарандык коомдорго кысым көрсөтүлүүдө.

- Кыйноого байланыштуу жүйөөлүү, олуттуу маселелерди изилдөөлөр болгондо укук коргоочулардын телефондоруна чалып, коркутуп-үркүтүүлөр болот. Кадимкидей алардын артынан аңдуу болот. Азыр шайлоо боюнча же адам укуктары боюнча жарандык уюмдарга биринчи асылышып, кысым көрсөтүп жатышпайбы. Кийин болсо социалдык маселелер менен иш алып баргандарга дагы асылышып, чектөө коюшат.

Назгүл Турдубекова белгилегендей, парламент демилге көтөрүп чыккан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” жана “Юридикалык тараптарды мамлекеттик каттоого алуу жөнүндөгү” мыйзамдарга өзгөртүү киргизилсе, жарандык коомдорду ооздуктоого өтө ылайыктуу шарт түзүлөт.

Ушул тапта АКШынын мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү адам укуктарынын 2008-жылдагы абалы боюнча отчетун жарыялап, анда Кыргызстанда бийлик оппозициянын өкүлдөрүнө, бейөкмөт уюмдарына кысым көрсөтүп, сөз эркиндиги чектелип жаткандыгы айтылат.

Жогорку Кеңештин Конституциялык түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, “Ак жол” фракциясынан депутат Автандил Арабаев болсо эл аралык уюмдардын Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы төмөндөп, сөз эркиндиги чектелип жатат деген сын көз караштары менен макул эмес.

- Адам укуктарын коргоо боюнча көйгөйлөр бар. Бирок жалпы жонунан Кыргызстанда адам укуктары корголбой жатат, мамлекеттик саясатта адам укуктарынан артка чегинди дегенине мен тап-такыр каршымын. Эл аралык уюмдар айткан күндө дагы, ушул ишти туура, калыс чагылдырса деген ойдомун. Мисалы АКШнын мамлекеттик департаментинин дүйнөлүк адам укуктары боюнча отчетуна Орусия, Кытай, Өзбекстандын деле реакциясын көрбөдүкбү. Ошондой эле АКШ эгемен мамлекеттердин ич ара коомдук-саясий турмушуна дагы кийлигишип кетип жатпайбы. Менимче бул туура эмес.

Укук коргоочу, адвокат Сартпай Жайчыбеков болсо Кыргызстан адам укугун олуттуу чектеген өлкөлөрдүн катарына кошулду деп эсептейт. Анын айтымында, мурда адам укугу боюнча жактоочулардын укуктары чектелчүү эмес, азыр бийлик жарандык коомдорго, бейөкмөт уюмдарга кысым көрсөткөнү аз келгенсип, эми жактоочуларга карата дагы ар кандай тоскоолдук кылышууда.

- Азыр жактоочуларга болгон тең салмактуулук дагы сакталбай калды. Кааласа кылмыш ишин жактоочуга берет, каалабаса бербейт. Кааласа тергеп-иликтөөдө, же сот жараянына катыштырат, каалабаса катыштырбай коет. Өздөрүнчө каалагандай кыйноолордун түрүн жүргүзөт. Түрлүү ыкмаларды колдонушат. Фашисттердин колдонгон ыкмалары салыштырмалуу биздин өлкөдө эч нерсеге арзыбай калды. Ноокат окуясы боюнча отчетту угуп алып таң калдым. Милициялар камактагы боюнда бар аялды ар кандай кыйноолорго алганы мен билгенден башка бир мамлекетте дагы кездешбесе керек.

Кыйноолор демекчи, кыйноолорго каршы эл аралык уюму Жалал-Абаттын убактылуу кармоочу жайында айыпталуучу Таалайбек Курманбековдун тартип коргоо кызматкерлери тарабынан кыйноого алынып сабалышына, анын саламаттыгынын начарлашына тынчсызданган билдирүү жолдогон. Анда Эл аралык нормаларга туура келбеген бул окуяга кыргыз бийлигинин көңүл буруусу айтылган.

Акыйкатчынын орун басары Мамат Момунов адам укуктары боюнча маселе Кыргызстанда дале болсо оор бойдон калууда деген көз карашын билдирди.

- Бийлик тарабынан адам укуктарын коргоо боюнча аракет кылымыш болуп жатат. Бирок негизинен бул маселе оор бойдон калууда. Себеби дегендей кордоо, кыйноо боюнча көп арыздар бизге келип түшүүдө. Ошондой эле көп маселелер сот органдары тарабынан укуктары бузулуп, сот туура эмес чечим кабыл алган деп арыз менен көп кайрылышат. Ошонун негизинде бардыгын топтоп келгенде чындап эле адам укуктары боюнча абал биздин мамлекетте мурдагыга караганда көбүрөөк бузулуп жатканы тууралуу фактылар бар.

Мамат Момунов ошондой эле өлкөдөгү адам укуктары боюнча Акыйкатчынын өткөн жылдын отчету март айында Жогорку Кеңеште угула турагндыгын кошумчалады.
XS
SM
MD
LG