Линктер

жума, 24-март, 2017 Бишкек убактысы 00:37

«Ак жол» фракциясынын депутаттары Ысык-Көлдө жүрүшөт


Аскар Салымбеков баштаган 6 депутат ысыккөлдүктөр менен жолукканда «Ак жол» фракциясы парламентте эң активдүү иштеп атканын чечмеледи. Турдукан Жумабекова кабыл алынган 400дөй мыйзамдын дээрлиги “акжолчулар” сунуштаганын билдирди. Алдыдагы президенттик, парламенттик жана жергиликтүү кеңештердин шайлоолору эми саясий партиялар аркылуу өткөрүлөөрү дагы түшүндүрүлдү. «Ак жол» партиясынын облустагы координатору Мурат Жетимишбаев шайлоодо күчтүү гана партия жеңишке жетээрин ырастап, «Ак жолго» кирем деген 17 миң адамдан татыктуулар гана кабыл алынаарын белгиледи. Жолугушуунун аягында «Ак жол» партиясынын макамын мурдагы Коммунисттер партиясыныкындай деңгээлге көтөрүп, алдыңкы мүчөлөрүн мамлекеттик кызматка дайындоо керек деген сунуштары басымду болду. (RB)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG