Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:44

Акыйкатчы БУУнун атайын комитетине мүчө болуу аракетин көрүүдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” Акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. Анын айтымында ага Акыйкатчы институту менен АКШнын Өнүгүү программасынын ортосундагы кызматташуу өбөлгө түзөт деген үмүт бар. Аталган программа Акыйкатчы институтунун техникалык жактан эл аралык Париж принцибиндеги стандартка ылайык иштөөсүнө шарт түзүү үчүн ири көлөмдөгү грант берип, кызматкерлеринин укуктук жана кесиптик чеберчилигин көтөрүүгө көмөктөшкөн жатат. Бул долбоор ишке ашса эл аралык уюмдар Кыргызстанды БУУнун улуттук институттар жана адам укуктары боюнча эл аралык координациялык комитетинин мүчөлүгүнө сунуштайт. Аталган комитетке дүйнөдөгү 53 мамлекет мүчө.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG