Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:58

Дагы бир жаңы гезит жарык көрдү


"Параграф" деп аталган коомдук-саясий гезиттин бүгүн жарык көргөн биринчи санындагы маалыматка караганда, гезит бардык окуяларды бирдей чагылдырган ортомчул гезит болуп, саясаттан спортко чейин жазат. Маалымат жана маданият министри Султан Раевдин билдирүүсү боюнча, азыр Кыргызстанда расмий каттоодон өткөн 1200 массалык маалымат каражаты бар жана анын кырктан ашыгын телерадиокомпаниялар түзөт. Алардын ичинен үчөө гана өкмөттүк, калганы эркин экендигин белгилеген министр Султан Раев бул Кыргызстанда сөз эркиндиги бар, цензура жок экендигин айгинелейт деп билдирди.

Ошол эле учурда укук коргоо жана медиа багытындагы жергиликтүү жана эл аралык уюмдар Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына байма-бай тынчсыздануу билдирип, бул абалдын улам начарлап баратканы тууралуу добулбас кагып келишет. Алар буга акыркы жылдарда "Де-факто", "Алиби" сыяктуу эркин гезиттердин чыкпай калышы, "Азаттык" үналгысынын берүүлөрү УТРКдан алынып салышы жана айрым журналисттердин өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болушу мисал экенин белгилеп келишет.
(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG