Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:48

Тоо каздары Соң-Көлдө азайууда, Чатыр-Көлдө көбөйүүдө


Мындан 10 -15 жыл мурда Соң-Көлдүн Баатай аралын 50-60 тоо каздары байырлап, мекендешкен. Өткөн 2008-жылга карата бул аралда жыйырма гана тоо казы калган дайын болду. Мындай маалымат Каратал-Жапырык мамлекеттик коругунун уюшулгандыгынын 15 жылдыгына арналган илимий-маалыматтык жыйында айтылды. Негизги себеп Баатай аралынын жыл өткөн сайын кичирейип бара жаткандыгы дешет коруктун адистери. Коруктун деректири Асанбай Кырчообаев 250 чарчы метр аянттагы арал өткөн жылга карата 120-130 чарчы метрге кичирейгендигин билдирди. Бирок ошол эле маалда Чатыр-Көлдө тоо каздардын саны 10 жыл аралыгында 250дөн 400-450гө көбөйгөндүгү жыйында белгиленди. (KUs)

XS
SM
MD
LG