Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:18

Аба ырайы: Тоолуу аймактарда кар көчкү жүрүшү мүмкүн


Синоптиктердин шашылыш билдирүүсү боюнча, 28-февралда, 1-3-мартта күндүн кескин жылышына байланыштуу, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абат облустарынын тоолуу аймактарында, ошондой эле Ала-Бука-Каныш-Кыя, Кара-Кулжа-Алайкуу, Каракол-Сары-Жаз автожолдорунда жана Бишкек-Ош автожолунун 121-138, 198-265 чакырым аралыктарында кар көчкү жүрүшү күтүлөт.

1-мартта Кыргызстанда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +8…13 даража.
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз +6…+11 даража.
Баткенде түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13 даража.
Ош, Жалал-Абат аймактарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +3…+8 даража.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8 даража.
Нарын дубанында түнкүсүн -12…-17, күңдүз 0…-5 даража.
Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күңдүз +10…+12 даража.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG