Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:43

Жалал-Абатта саясий партиялар парламенттеги партиялардын орду жөнүндө “Жарандар коррупцияга каршы” борбору өткөргөн сурамжылоону талкуулашты. Сурамжылоого катышкан жарандар элге каршы саясат жүргүзүп жатат деп “Ак жол” партиясын сындашкан.

Адам укугун коргоочу “Жарандар коррупцияга каршы” борбору парламенттик партиялар тууралуу өлкөнүн бардык аймактарында сурамжылоо жүргүзгөн.

Борбордун Оштогу кеңсесинин башчысы Алима Шарипованын жарыялашынча, эркин жыйындарга тыюу салуу, энергетикалык стратегиялык жайларды менчикке берүүнү элге каршы саясат деп баалашып, Ысык-Көлдөгү пансионаттарды жеке менчикке берүүнү колдогону үчүн “Ак жол” партиясын сындашкан.

Социал-демократиялык партиянын өкүлү Жанна Саралаева бийлик курган жол, мектеп, бакчалар ошол партияга ыроолонуп келатканын айтты.

- Жергиликтүү бийликтин бүт ресурсу, аткарылган иштердин баарысы “Ак жолго” жасалып атканы бул баарыбызга эле таандык нерсе. “Ак жолдун” мүчөлөрүнөн сурагым келет, буга чейин кайсы партиянын өкүлү элең деп. Эртең президентибиз СДПКнын адамы болуп калса, сиз ошол партияга өтөсүзпү?

Саралаева айткан сын пикирге “Ак жол” партиясынын мүчөсү Сабыржан Мазаитов кошулган жок. Анын сөзү боюнча “Камбар-Ата” ГЭСин, жол жана мектептерди “Ак жол” партиясы курууда деп маалымат каражаттарына жар салган эмес. Партиялык иштерди жүргүзүүгө мүчөлүк акылар аздык кылат, андыктан парламенттик партияларды өкмөт каражат менен колдоо керек.

Мураталы Үчкемпировдун айтымында “Ак жол” партиясынын Кыргызстанды өнүктүрүү идеологиясы бар. Партия өкүлдөрүнүн чоң тобу бийликте тургандыктан алар жасаган жумуштар партиянын каражатына бүттү деген божомол туура эмес
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG