Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:16

Дүйнөлүк Туризм уюмунун эсеби боюнча, 2008-жылдын экинчи жарымынан тарта глобалдык экономикадагы төмөндөөнү туризм индустриясы да сезүүдө. Бирок өткөн жылды тармак 2%дык өсүш менен аяктап, дүйнө өлкөлөрүнө четтен келген туристтердин саны 924 миллион адамды түзгөн. Булардын 53%ы же 489 миллиону Европанын үлүшүнө туура келди. Төмөндө Европанын эң жашыл бурчуна айланууга аракеттенген өлкө – Словениянын туризм тажрыйбасы тууралуу сөз болот.

Ааламдашып кеткен азыркы дүйнөнүн шартында тигил же бул мамлекеттер ортосундагы өзгөчөлүктөргө караганда, окшоштуктар барган сайын көбөйүп жаткандай сезилет. Ал эми Европа сындуу бир мейкиндикте, барган сайын окшош стандартта, окшош чен-өлчөм менен жашап жаткан континетте өлкөлөр ортосундагы айрымачылык дээрлик жоктой көрүнүшү мүмкүн.

Бирок, албетте, тигил же бул өлкөнүн табиятында, ал жерди мекендеген улуттун кулк-мүнөзүндө айрымачылык бар. Ал эми табият туризмдин жерпайы экенин эске алганда, коноктогон туристтеринин саны жагынан дүйнөдө азырынча биринчиликти бербей келе жаткан Европанын туристтик продуктуларында, бери дегенде алардын баасында айрымачылыктар сезилет. Муну тармактагы айыгышкан, өгөчө глобалдык каржы кризисинин кесепеттерин туризм индустриясы да сезген кездеги атаандаштык да талап кылып жаткандай.

Дүйнөлүк экономикалык форум аттуу эл аралык уюм (World Economic Forum) дүйнө өлкөлөрүнүн туризмдеги аттаандаштык жөндөмү боюнча соңку, 2008-жылкы отчетунда Словенияга 130 мамлекеттин арасынан 36-орунду ыйгарган.

Эки миллиондой калкы бар жана жылына өз калкынан көбүрөөк санда турист кабыл алган бул чакан өлкөдө азыр "жашыл туризм" деген түшүнүк жайылууда. Маркетинг компаниясы Словенияны "Европанын эң жашыл бурчу" катары таанытуу аракетин көрүп келет. Туризмде климаттагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен долбоорлор ишке ашырылып жатат жана айыл жерлеринде уюшулган 300дөн ашуун туристтик фермалар элге экологияга зыян келтирбестен кызмат көрсөтүүнүн бир үлгүсү катары эсептелинет экен.

Оболу айта кетүүчү маалымат, аянты 20273 чарчы чакырымды эле түзгөн Словения мурдагы Югославиянын курамынан 1991-жылы согушсуз, тынч бөлүнүп чыккан. 2004-жылдан 1-майынан бери Еврошаркеттин мүчөсү.

Шаркетке жаңы кошулган өлкөлөрдүн ичинен эң биринчилерден болуп, 2007-жылы бирдиктүү акча еврозонага кошулган, кайра эле 2008-жылы жаңы мүчөлөрдүн ичинен биринчи болуп, Еврошаркетте төрагалык кылды. Еврошаркеттин жаңы мүчөлөрү арасынан таанымал болгону менен туризм жагынан Словения өзүн Европанын анча тааныла элек багыты катары санайт. Кыргызстанды кээде Күрдүстан менен алмаштырышкандай эле, Словенияны Словакия менен чаташтыргандар жок эмес.

"Жакын жана бизге жакшы белгилүү өлкөлөрдөгү стратегиябыз – туристтик жармаңкелер, массалык маалымат каражаттары: теле көрсөтүү, гезиттер, аркылуу маркетинг кылуу. Ал эми биз аба катнаш менен байланышкан жерлерде бизнеске-бизнес стратегиясын колдонуп, туроператорлор аркылуу маркетинг жүргүзөбүз. Саналуу жыл гана мурда иштей баштаган, деңиздин ары жагындагы өлкөлөрдө өнөктөштүк стратегиясын колдонобуз. Бир мыкты жана чоң өнөктөшүбүз Словения туризминин атынан аракеттенет. Демек географиялык жактан бизде үч башка рынокко карата, үч башка стратегия бар",- деди Словениянын Туризм кеңешинин директору Димитрий Пичига (Dmitrij Piciga) мени менен маегинде өлкөнү таанытуу тажрыйбасы тууралуу.

Мен андан ары Пичига мырзадан туризмдеги расмий өкүл катары Борбор Азия өлкөлөрүнүн туризм мүмкүнчүлүгүнөн канчалык кабардар экенин сурадым:

- Ооба биз билебиз. Улуттар уюмунун келерки туристтик саммитин даярдоо боюнча Казакстан менен жакшы байланышыбыз бар. Албетте келечек - эки жак үчүн тең жаңы рынокту, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөө. Биз Казакстан менен Словения үчүн эле эмес, аймактагы калган Хорватия, Венгрия үчүн да Борбор Азиялыктар Түштүк-Чыгыш Европа деп аталган чөлкөмгө, бул жактагылар ал жакка кантип каттай аларын талкуулаганбыз. Азырынча аймактын башка өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан атүгүл Словенияда да бул аймактан Борбор Азияга саякаттоочу потенциалдуу багыт катары аз эле таанымал.

Дүйнөлүк Туризм уюмунун эсеби боюнча, 2008-жылдын экинчи жарымынан бери глобалдык экономикадагы төмөндөөнү туризм индустриясы да сезүүдө. Бирок жылды тармак 2%дык өсүш менен аяктай алды, башкача айтканда дүйнө өлкөлөрүнө четтен келген туристтердин саны былтыр мурдагы жылга салыштырмалуу 16 миллионго көбөйүп, 924 миллион адамды түзгөн. Булардын 53%ы же 489 миллиону Европанын үлүшүнө туура келди.

Алардын ичинен, өлкөнүн Туризм кеңеши менен статистикалык мекемесинин маалыматтарына караганда, 2 миллион 750 миңден ашуун турист былтыр Словенияга барды. Бул өлкө калкынын санынан көп дегенди билдирет. Туризмдин өлкөнүн Улуттук дүң өндүрүшүндөгү үлүшү 8%ды түзөт. Ал эми тармакта түз жана кыйыр түрдө 120 миңден ашуун адам иштейт.

Анткен менен Словения географиялык жактан Батыштын туристтик державасы катары эсептелген Италия, Түштүк Чыгыш Европанын туристтик державасы саналган Хорватиянын ортосунда жайгашкан, анын үстүнө Югославиядан ажыраган кезде өлкөнүн үлүшүнө Адриатика деңизинин болгону 40 чакырымдай жээги тийген, салыштыруу үчүн айта кетели коңшу Хорватиянын деңиз жээгинин узундугу 700 чакырымга жетет. Эки коңшу чек ара боюнча азыр деле мунасага жете элек.

Андыктан мындай абал кичинекей Словениядан атаандаштыкка жөндөмдүү туристтик продуктуларды иштеп чыгууну талап кылганы турган иш. Алардын бири табиятка жана климатка негизделген куророттук-туристтик борборлор. Мындайлардын саны Словенияда 15тен ашуун. Экинчиси, оюн жана көңүл ачуу туризми. Үчүнчүсү, табиятка жана маданиятка негизделген маршруттар.


Жери кичинкей Словениянын жер төлөсү чоң
Словениянын үңкүрлөрүнөн бир көрүнүш

Биздин түшүнүктө үңкүрлөр турист эмес, жергиликтүү тургундар баруудан корккон жай катары эсептелинет. Алакандай Словениянын аймагында алардын саны 7 миңге жакын экен. Словенияга келгендерди тамашага чалып, кичинекей өлкөнүн өзүн, андан кийин сөзсүз чоң жертөлөсүн көрүү керектигин айтышат. Ошондой үңкүрлөрдүн 20дайында туристтик маршруттар ачылган.

Үңкүрлөрдүн эң чоңу жана туристтер көп барганы - башкалаа Люблянадан анча алыс эмес жерде жайгашкан – Постойн үңкүрү (Postojnska jame). Аянты бир нече гектар жерди ээлеген жана туннелинин узундугу 26 чакырымга созулган бул үңкүр ЮНЕСКО уюму тарабынан корголгон маданий жана табихый мурастардын тизмесине киргизилген. Ичинин баары жарыктандырылган. Үңкүрдүн төрүнө чейин сизди электрпоезд алып барат, атайын концерттик залы да бар.

ЮНЕСКО уюму жаратылыштын уникалдуу эстелиги катары 1986-жылдан бери, Шкочян (Skocjance jama) үңкүрүн да коргоого алат.

Албетте туристтик маршурутка айланган ал үңкүрлөрдү биздин үңкүрлөр менен салыштырууга болбойт. Маселен өзүм күбө болгон Постойн үңкүрүнүн башкы кооздугу жаратылышты таануучулардын тили менен айтканда – сталакиттер менен сталагмиттер. Үңкүрдүн төбөсү сыртынан караганда, суу тамчысынан жаралган музга окшош ушул заттар менен ширелишкен. Билермандардын айтымында, сталакиттер менен сталагмиттер он же андан ашуун жылдын аралыгында болгону бир миллиметрге гана өсөт.

Жапайы гүлдөр фестивалы - Словения туризминдеги жаңы иш-чара

Баткендин тоолорунда өскөн ажайып кооз Айгүл гүлүн акыркы жылдары Кыргызстандын туристтик брэндине айлантуу аракеттери көрүлүп келүүдө. Жергиликтүү деңгээлде гүл фестивалдары өткөрүлүп жүрөт. Тоолорунда Айгүл сыяктуу уникалдуу жапайы гүлдөр арбын Словения учурда мына ушундай иш-чараны эл аралык деңгээлге чыгарууга умтулуп жатыптыр.

Жылына 100 миңден ашуун турист кабыл алган, аймагынын үчтөн эки бөлүгү өлкөнүн улуттук жалгыз Триглав паркына караштуу Бохинь муниципалитети Юлий Альпы тоолорунун арасында жайгашкан. Бул тоолордун бийиктиги кыргыз тоолорунан төмөн, бирок жылаңач эмес, токойлуу. Эң бийик жери 2864 метрге эле жетет. Тоо койнундагы ушул чөлкөм жылына 100 миңден ашуун туристти тартуу үчүн канча иш-чара өткөрөрүн сураганымда, Бохиньдеги туризм борборунун башчысы Клемен Лангус (Klemen Langus) мырза мага буларды билдирди:

- Кеминде жүздөй деп айтаар элем. Иш-чаралардын көбү июнь, июль, август, сентябрда өтөт. Бирок биз азыр май айында жапайы гүлдөрдүн фестивалын өткөрүп жатабыз. Күнүнө гиддердин коштоосунда эки саякат уюштурабыз.

Жогоруда айтылып өткөн жапайы гүлдөр фестивалы - Словениянын Бохинь муниципалитети сунуш кылып жаткан жаңы туристтик продукт. Быйыл май айынын соңу менен июнь айынын башында ошол эл аралык фестивалдын экинчиси гана өткөрүлөт.

Фестивалдын ардактуу сүрөөнчүсү өлкөнүн президенти Данило Турк (Danilo Turk) экен. Жапайы гүлдөр фестивалы демекчи, бул бир жагынан кызыктай угулушу мүмкүн, бирок словениялык уюштуруучулардын айтымында, алар мындай иш-чараны уюштуруу менен туристтик гана эмес жаратылышты коргоо максатын да көздөөдө. Фестивалга катышып, Альпы тоолорунан 700дөн 2500 метрге чейин бийиктикте, гиддин коштоосунда жапайы гүлдөрдү кыдырып көрүү үчүн туристтерден акы төлөө талап кылынат.

Ысык-Көл кыргыз бермети болсо, Блед - Словениянын керемети
Блед көлү

Словениянын эң таанымал туристтик багыттарынын бири – Блед шаары. Бул жерде, Альпы тоолорунун койнунда аты шаарга уйкаш ажайып Блед көлү жайгашкан. Блед - Словениянын керемети деп эсептелет. Узундугу 2120 метр, туурасы 1380 метр келген, аянты 144 гектарды ээлеген көл деңиз деңгээлинен 425 метр бийиктикте жайгашкан. Тоо койнунда орун алгандыктан аны бир чети Кыргызстандын Соң-Көлү менен Сары-Челегине салыштырууга болот. Бирок айрымасы туристтик инфраструктура, толгон-токой мейманканалар менен курчалгандыгында.

"Туризм Блед аймагынын эң маанилүү бөлүгү. Блед шаарында беш миңдей тургун бар, ал бүткүл муниципалитетте сегиз миң. Жай күндөрү туристтерди кабыл алуучу орундардын саны 5 миңге жетет. Маселен 2007-жылы бизде жарым миллиондон ашуун адам түнөдү. Бул 250 миңдей конок дегенди билдирет. Биздин коноктордун 95%ы четтен",- дейт шаардын Туризм мекемесинин башчысы Ева Штравс Подлогар ( Eva Stravs Podlogar) айым.

Блед көлү туристтик багыт катары 20-кылымдын башында аймакка темир жол келгенден тарта тааныла баштаган, азыр Альпы тоолорундагы атактуу курорттордун бири. Бирок жергиликтүү туризм мекемесинин башчысы Ева Штравс Подлогар айым мен менен маегинде белгилегендей, бул туристтер өзүнөн өзү эле агыла берет дегенди туюндурбайт:

- Кээде катуу иштөөнүн зарылдыгы деле жоктой көрүнүүсү мүмкүн. Бирок мен ошондой иштөө талап кылынат деп айтуум керек. Биз ар убак жылына дүйнө боюнча 20дан ашуун жармаңкеге барабыз. Биздеги жетишпегендиктердин бири – сезондун кыскалыгы. Май айынан сентябрдын соңуна чейин эле. Андыктан биз туристтерди кыш мезгили үчүн тартууга аракеттенебиз.

Блед туристтерди жайында сууга түшүү үчүн тартат. Тоодогу көлдүн тазалыгын жергиликтүү бийликтер кантип коргоп жатканын мен кайра эле Туризм кеңешинин башчысы Ева Штравс Подлогар айымдан сурадым:

- Биз жаңы бир нерсе жасоого аракеттенгенде, экология тарабы, жаңы инвестиция табиятка кандай таасир берери өтө маанилүү маселе. Эгер табиятка коркунуч туудурса, ишке ашырбайбыз. Блед көлү жана анын айланасы өтө уникалдуу жана сезимтал. Булганып калбаш үчүн мүмкүн болгон сактануу чараларынын баарын көрөбүз. Көлдүн жээгине жаңы бир нерсе куруу дээрлик мүмкүн эмес.

Айыл туризми – фермерлер үчүн кошумча киреше жана келечектүү багыт
Акыркы он жылда Словенияда туристтик фермалардын саны эки эсе көбөйгөн

Словения аймагынын аздыгына карабай акыркы он жылда айыл туризмин жакшы өнүктүрүп жаткан өлкө жана бул тажрыйба Кыргызстан үчүн да пайдалуудай көрүнөт. Калкы 2 миллиондой өлкөдө туристтик фермалардын саны ушу тапта 300дөн ашат. Алардын бири-бири менен жарнакташып иштөөсү үчүн туристтик фермалардын ассоциациясы уюшулган.

Словениянын айыл жана токой чарбасы боюнча палатасынын айыл-чарбасы боюнча кеңеш берүү кызматынын башчысы Весна Чучек (Vesna Cucek) айым мени менен маегинде орточо туристтик ферманы мындайча сүрөттөдү:

- Иштетүүгө жарамдуу жеринин аянты он гектардай. Алар албетте фермерлер. Туризм – ишинин кошумча гана багыты. Туристтерди кабыл алып, жатакана менен камсыздай алышат. Фермада туристтер үчүн башка мүмкүнчүлүктөр да бар. Мисалы винону кантип өндүрөсүз, буудайдан кантип гүл жасайсыз, ушул өңдүү башка нерселерди да көргөзө аласыз. Туристтерди аттарыңызга мингизип табиятка алып чыгасыз. Албетте четтен келген туристтер көбүнчө жатаканасы бар фермаларга кызыгышат. Ферма туризми азыр өтө популярдуу. Словениянын фермаларына Европадан эле эмес, алыскы өлкөлөрдөн: Азиядан, Америкадан, Австралиядан, Африкадан да келишет.

Словениялык адис Весна Чучек айым биз менен магинде кошумчалгандай, туристтик фермаларга алыскы чет өлкөлөрдөн келген коноктор азырынча кардарладын 45%ын түзөт, ал эми 55%ы ички туристтер.

Жатаканасын кошо сунуш кылган туристтик фермалардын кызмат көрсөтүүсүнүн сапаты болсо мамлекет тарабынан төрт баскычтагы классификация менен ар беш жылда бир бааланып турат экен. Ал эми туристтер болсо Словениянын туристтик фермалары тууралуу керектүү маалыматтардын баарын бир нече тилде өлкөнүн Туризм кеңешинин интернет баракчасынан таба алышат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG