Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:06

А. Калмаматов: Төрт жыл ичинде шайлоо системасы кыйла жакшырды


Бул тууралуу парламенттеги “Ак жол” фракциясынын депутаты Ажыбай Калмаматов “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Анын айтымында, мындан туура төрт жыл мурда ыңкылапка бирден-бир себепкер болгон парламенттик шайлоо өлкөдөгү шайлоо системасынын жакшырышына сабак болуп, шарт түзүп берди. “Мисалы, соңку парламентке жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо Кыргызстандын тарыхында болуп көрбөгөндөй ачык жана таза өткөнүнө өзүбүз эле күбө болбодукпу”, - дейт депутат. Ал эми оппозициячыл “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев тескересинче, бийлик алмашканы Кыргызстан бардык көрсөткүчтөр боюнча дээрлик артка чегингенин билдирип, буга эл аралык ири уюмдардын соңку билдирүүлөрүн жүйөө келтирди. (ES)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG