Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Ооганстандын саясий лидерлери президент Карзайды айыпташууда


Ооганстандын саясий лидерлери бүгүн президент Хамид Карзайды президенттик шайлоону “саботаждоого аракет жасады” деп айыпташты. Кечээ Карзай президенттик шайлоо мурда белгиленгендей 20-августта эмес, апрелде өтөрүн билдирген. Оппозициялык Улуттук Майдан коопсуздук, уюштуруу жана каржы көйгөйлөрүнөн улам шайлоону жазында өткөрүү мүмкүн эмес деп ырастоодо. Президенттикке талапкер Абдул Кадар Эмами Горинин айтымында, президент Карзай өз атаандаштарын алдоого аракет жасоодо. Хамид Карзай болсо, вилайеттик, аймактык муниципиалдык кеңештин депутаттары менен акылдашып, алардын макулдугун алганын, шайлоо Конституцияга ылайык 21-майга чейин өткөрүлүшү керектигин айтты.

XS
SM
MD
LG