Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:29

Иранда өзөктүк бомба жасагыдай материал жетиштүү


Иран өзөктүк бомба үчүн жетиштүү өзөктүк отун топтоп койду деген ишенимде экенин АКШ армиясындагы штаб башчылардын бириккен комитетинин төрагасы, адмирал Майк Маллен СNN телеканалындагы интервьюсунда билдирди. Ал Ирандын өзөктүк куралга ээ болуусу дүйнө үчүн " өтө жаман натыйжа" экенин кошумчалады.
Бул аралыкта АКШнын коргоо министри Роберт Гейтстин NBC телеканалына берген маегиндеги соңку билдирүүсү жогорудагыдан этияттуу болду. Ал Иран азыркы учурда "куралга жакын эмес экенин" белгиледи. Мунун алдында МАГАТЭ уюму Тегеран уран байытуу ишинде алдыга жылганын билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG