Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:40

Евробиримдик экономикалык кризиске каршы күрөштө протекционисттик чараларга барбоону макулдашты


Евробиримдиктин экономикалык кризиске каршы күрөшүү чараларын талкуулаган чукул саммити кечээ Брюсселде өттү. Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Барросонун айтымында, анда "бир тараптуу протекционисттик чаралардан качуу зарылдыгы боюнча мунаса табылды".
Бирок Чыгыш жана Борбордук Европанын кризистен катуу жабыр тарткан өлкөлөрүнө акчалай жардам көргөзүү үчүн жаңы кор түзүү боюнча сунуш өткөн жок. Мындай чараны Венгрия сунуш кылган эле. Саммиттин соңундагы билдирүүдө айтылгандай, биримдиктин өлкөлөрү мындай жардам кайсыл бир конкреттүү өлкөнүн жагдайына жараша көргөзүлөрүн макулдашты.
Протекционизмге жол бербөөнү жана экономикалык кризиске каршы биргелешип чара көрүүнү кечээ Таиланддагы саммитинде Түштүк-Чыгыш Азиянын он өлкөсү да келишти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG