Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:36

Бүгүнтөн тарта 5 000 сомдук банкнот жүгүртүүгө киргизилет


Негизги бетинде белгилүү киноактер, СССРдин эл артисти, кыргыз эл сүрөтчүсү, спорт чебери Сүймөнкул Чокморовдун, экинчи бетинде “Ала-Тоо” кинотеатрынын сүрөтү чагылдырылган жашыл түстүү 5 миң сомдук банкноттун үлгүсү менен коомчулукту Улуттук Банк 19-февралда тааныштырган. Маалыматтар боюнча, 5 миң сомдук банкноттун коргоо элементтери күчөтүлгөн, аны колдо жасоо оңой эмес. Айрым адистер мынчалык өлчөмдөгү акча кагазынын чыгарылышын өлкөдө инфляция күч ала баштаганынын белгиси катары кабыл алышууда. Буга чейин Улуттук Банк тарабынан чыгарылган 1, 5, 10, 20, 50, 100, 200, 500, 1000 сомдук банкноттор гана колдонулуп келгени белгилүү. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG