Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:10

А.Сарыбаев: Инфляция 30 пайызга чейин баруусу мүмкүн


Улуттук банк 15 пайыз болот деген саясатын туруктуу кармап турушу кыйын. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик бийликтин жана Улуттук банктын башкы милдети колдон келишинче инфляцияны көтөрбөө жана ага каршы акча-кредиттик саясатты жүргүзүү. “Бирок базардагы товарлардын баасынын деңгээли биздин өлкөдө өндүрүлүп жаткан товарлардын баасына же реалдуу экономиканын деңгээлине жараша эмес, чет өлкөдөн келип жаткан товарлардын баасынын деңгээлине жараша болуп жаткандан кийин инфляциянын көлөмү 15тен 30 пайызга чейин болушу анык”,-деди Сарыбаев. Улуттук банк болсо быйыл Кыргызстанда инфляциянын көлөмү 15 проценттен ашпайт деп болжоодо. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG