Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Жалал-Абад облусунда чет өлкөгө бала сатуу боюнча кылмыш иши ачылды


Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-коргон районунун мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери ээлеген кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, бала багып алууга мыйзамсыз үч чечим чыгарып беришкени боюнча облустук прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Алар “ Ата-энесиз калган балдарды Кыргызстандын атуулдары жана чет өлкөнүн атуулдарынын багып алуусу жөнүндө” мыйзамды одоно бузушкан. Иликтөөнүн жыйынтыгында Кыргызстандын атуулу болгон үч наристени Өзбекстанга багып алууга өткөрүп жибергени аныкталып, учурда эки кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. (AJ)

XS
SM
MD
LG