Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:35

“Мээрим булагына” кысым эмес жардам керек


Мындай пикирди “Билим берүү мекемелеринин” ассоцияциясынын, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын “Илим” колдоо кору жана Аймактык иликтөөлөр иниститутунун өкүлдөрү бүгүн билдиришти. Алар Ысык-Көлдүн Түп районундагы “Мээрим булагы” балдар үйүн текшерүүгө алган комиссиялардын ишин сынга алышып, кароосуз калган балдарды өкмөттөн жардам албай багып жаткан балдар үйүнүн деректири Гүлнара Дегенбаеваны кайраттуу адам катары сыпатташты. 21-январда Балдарды коргоо департаменти жана Балдар укугун коргоочулар лигасынын өкүлдөрү атайын комиссия менен “Мээрим булагында” болушкан. Аталган департамент балдар үйүнүн башчысы Г. Дегенбаеваны балдар укугун одоно бузган, динин алмаштырып, чет өлкөгө мыйзамсыз чыгарган деп айыптап келет. (EBM)

XS
SM
MD
LG