Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:44

Аба ырайы: Шашылыш билдирүү!


Күндүн кескин жылышына байланыштуу 3-мартта Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолу аймактарында Бишкек- Ош унаа жолунун 121-138, 198-265 чакырымдарында Ала-Бука-Каныш-Кыя, Кара-Кулжа- Алай-Куу, Каракол- Сары-Жаз жолдорунда кар көчкү жүрүшү ыктымал. Кыргызстандын көпчүлук жерлеринде жана күндүзү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаашы мүмкүн. Ысык-Көл, Нарын дубандарынын айрым аймактарында жаан чачын жаайт. Бийик тоолу өрөөндөрдө жолдор тайгак болот. Батыштан соккон желдин ылдамдыгы секундасына 4-9, айрам учурларда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1....+4 кундүзү +5....+10 даража
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2....+3, күндүзү +4....+9 даража
Баткен дубанында түнкүсүн 0....+5, күндүзү +4....+9 даража
Ош, Жалал-Абад өрөөндөрүндө түнкүсүн 0....+5, күндүзү +5....+10 даража
Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 0....-5, күндүзү +1....+6 даража
Нарын жергесинде түнкүсүн -7....-12, күндүз 0....-5 даража

Бишкек шаарында маал-маалы менен жаан жаайт. Батыштан ылдамдыгы секундасына 4-9 айрым учурларда 15-20 метрге жеткен жел жүрөт. Абанын температурасы: түнкүсүн -1....+3 күндүзү +5....+7 даража жылуу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG