Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:19

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын өкүлдөрү Ош шаарында жергиликтүү эл менен жолугушууда К. Бакиевдин бийлигин ички жана тышкы күчтөрдүн колундагы коррупциялашкан мафияга айланды деп айыптады.

Жогорку Кеңештеги социал-демократтар фракциясындагы депутаттардын Ош улуттук драма театрына белгиленген жолугушуусу аз жерден үзгүлтүккө учурай жаздады. Алдын ала сүйлөшүлүп, келишим түзүлүп, акчасы төлөнүп коюлганына карабастан, драма театрдын администрациясы “мэрия, тиги-бу” деп залды берүүдөн баш тарткан.

Ошого карабастан чогулган 500дөн ашуун киши өздөрү эле ичкери кирип отуруп алыа, жолугушуу башталып кетти. Жолугушуунун башынан аягына дейре залда жарык жанган жок.

Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимов чогулгандар алдында сүйлөгөн сөзүндө мамлекет туш-тараптан туңгуюкка кептелип, бийликтин бардык бутагы толук бойдон коррупциялашты деп жарыя кылды:

- Чынын айтканда, Кыргызстанды ушундай караңгылыкка алып барган энергетикада турган мафия бар. Ошолор байып атат кыргыз элинин эсебинен. Эмне үчүн ушундай кылмыш жасаган адамдар азыр деле ошол тармакта иштеп атат, - деп айтты Бакыт Бешимов.

Фракция башчысы президент К. Бакиев ички жана тышкы күчтөрдүн туткунунда калгандыгын ырастап, “Манас” авиабазасын чыгаруу жөнүндө чечимди чоң жаңылыштык катары баалады:

- Азыркы учурда Орусия менен АКШ тирешип атат. Расмий Кремлге жаңы америкалык администрация сүйлөшүүлөргө тиешелүү көзүрлөр керек. Азыркы учурда Ооганстанда абал абдан оор, диний экстремизм, терроризм коркунучу да бар. Фергана чөлкөмүндө жаңы халифат түзөлү деген кыймыл жокпу, бар.

Бакыт Бешимов Кыргызстанды Орусия бекеринен тандабагандыгына, жетекчиликтин жүүнү боштугуна, башка мамлекеттер менен тең ата сүйлөшүүгө жарамсыздыгына тызылдады.

Жогорку Кеңеш депутаты Иса Өмүркулов залдан узатылган суроого жооп кайтарып жатып, «Азаттык» радиосунун түштүктө обого чыкпай калышын демократиянын үнүн өчүрүүгө барабар иш катары сыпаттады:

- Массалык маалыматты баарына жеткириш бул өкмөттүн түздөн-түз парзы. «Ыңгайсыз суроо» деген болгон «Азаттыктын» телевидениеде, аны жапты. Анны цензура кылалы деп атат. Радио боюнча ар кайсы радио каналдары менен чыгып атат, буларга жалпы республика боюнча чыкканга мүмкүнчүлүк бербей атат. Себеби булар болгон маалыматты түз жеткирип атат. Мындан тышкары бүгүн Интернетти ММКга да теңейин деп атат, бүгүн цензура киргизели деп атат.

Серепчи Улукбек Мамытов бийликти сындагандарды популист сыңары эсептеп, аларга түк кошулбайт:

- Оппозициялык партиябы, көзөмөлдөөчү партиябы, кандай болбосун бардыгынын максаты бийликке жетиш болуп атат. Бийлик бирөө гана. Азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясаты туура деп эсептейм. Демек элге, бийликке мүмкүнчүлүк бериш керек.

«Ата Мекен» партиясынын Ош облустук лидери Бактыбек Калмаматов саясат айдыңындагы үзөңгүлөштөрүнүн бул жолку жолугушуусуна ичи чыкпагандыгын туюндурду:

- Эмнегедир менин баамымда булар бүгүнкү бийликтин туура эмес жүргүзүп жаткан саясатын ачык-айкын сынга алгандан бир аз тартынып турушту. Өзгөчө Асылбек Жээнбеков суроого жооп берип атканда “дүң продукциянын көтөрүлүшү боюнча жылыш, өзгөрүү бар” деди. Бирок ошол эле учурда Орусия, Казакстанда иштеп аткандардан, жеке ишкерлердин салыгынан түшүп аткан акча менен көтөрүлүп, ал эми дүң продукциянын көтөрүлүп атканына мамлекет кымындай дагы салым кошо албай атканын ачык айткан жок.
XS
SM
MD
LG