Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:27

Орусияда өткөн шайлоодо бийликтин партиясы алдыга озуп чыкты


Кечээ (жекшембиде) Орусияда жергиликтүү бийлик органдарына өткөн шайлоодо премьер-министр Владимир Путин жетектеген “Бирдиктүү Орусия” партиясы добуш берүү жүргүзүлгөн 9 аймакта тең озуп чыкты жана алдын-ала маалыматка караганда, 79 пайыздай добушка ээ болгон. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдашты. “Шайлоо 1990-жылдардагы көмүскө бурмалоолорго кайтып келди” деп эсептеген Коммунисттик партия экинчи орунда келатат. Алдын ала берилген шайлоо жыйынтыгы боюнча, азыраак добуштарды ЛДПР жана “Акыйкат Орусия” партиялары ээледи. Эл аралык байкоочулар бул шайлоо өнөктүгүнө жеринен байкоо жүргүзгөн жок.

XS
SM
MD
LG