Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:44

Март окуясынын сабактары: өзгөрүүдөн өксүк көп


2005-жылы март окуялары 4-мартта Жалал-Абат облбийликти басып алуудан башталган. Бирок ал ыңкылапка катышкандар ошондогу талаптардын аткарылбаганына канааттанбай жүрүшөт. Коомчулук өкүлдөрүнүн пикири боюнча президент алмашып, Жогорку Кеңешке партиялык тизме менен шайлоо өткөнү менен көпчүлүк күткөн талаптар орундалган жок

Облустук бийликтин бөлүм башчысынын орунбасары Абдуллабек Камбаров 2005-жылкы март окуяларында жергиликтүү бийликтин маңдайында эски бийликке каршы болуп, митингде турган миңдеген адамдардын бири. Анын белгилешинче ошондогу талаптарга ылайык президент алмашып, парламентке партиялык тизме менен шайлоо өттү. Конституциялык реформа жасалды. Бирок кадр саясатында жаңылануу талаптагыдай болгон жок:

- Үй-бүлөлүк киришүү болбосун дегенбиз, кадр саясатка келгенде чыныгы, таза, нукура патриот, Кыргызстаным, кыргызым деп жүрөгү, жан дили менен берилген кадрлар барбай атканы өкүнүчтүү.

Облбийликтин имаратын ээлеп алгандардын арасында Анарбай Орозов үй-бүлөсү менен болгон. Анын март окуясынан кийин Кыргызстанда өзгөрүү болот деген үмүтү акталбай калды. Анткени конституциялык жана сот реформалары толук ишке ашпай, бийликти ачык сындагандар куугунтук тартып, адам укуктары, сөз эркиндиктери сакталбай калды. Коррупция мурдагыдан күчөп, социалдык-экономикалык абал жакшыруунун ордуна жумушсуздук өөрчүп, миңдеген адамдар чет өлкөдө иштөөдө. Башка өлкөлөрдө саясий баш калка издеп жүргөндөр да аз эмес. Туура эмес менчиктештирүүдөн мамлекеттин зор мүлк-байлыктары тонолууда:

- Курманбек Бакиевди шайлаганда үй-бүлөлүк башкаруу системасынан кутулдук деп кол чапканбыз. Кыргызда бир макал бар, “өтүкчү өзү билет, өтүгүн төргө илет”. Ушул ыңкылапты аял, бала-чакабыз менен колдоп, келтек жеп жүрдүк. Кыргызстанды оңойм деп эч ким кепилдик бере албай калды. Кыргызстан кайра кризиске батты. Биз ошондо Кыргызстан келечекте карыз болбой, ыймандуу болот дедик эле, баары ыймансыз болуп кетти. Баягы Акаевдин эле адамдарын алып келип атат, жармасын чалып, комузун чертип эле жүрүшөт. Мен ошого нааразымын.

Төрт жыл мурда Ноокен райондук бийлигин ээлеп тургандардын бири Абдракман Исаков өлкөдө баары кедерине кетти деген пикирлерге макул эмес. Анын айтымында, Кыргызстан демократиялык жолдо өнүгүп жатат:

- Үй-бүлөлүк башкаруу деп булар баягы эле Акаевдин убагындагы сөздү кайталап келатышат. Акаевдин убагында үй-бүлөлүк башкаруу ачык-айкын көрүнүп калган. Жогорку Кеңеште депутаттарды шайлай баштаган мезгилде Акавдин балдыздарынан 2-3 депутаттыкка коюшкан. Партиялык системанын келишинин көп өзгөчөлүгү бар, эл бири менен бири тирешүүгө барган жок, ынтымактуу болуп калышты. Шайланган депутаттар дагы бул сенин регионуң, бул менин районум дебестен, жалпы Кыргызстанга керектүү болгон маселелерди чечип атат.

Адам укугун коргоочу Абдымамбет Кадырбеков да март окуяларына активдүү катышкан. Анын көз карашында бийлик ошондо талап кылынган Аксы окуясын аягына чыгара алган жок. Райондун борборун көздөй жөө бараткандарга курал көтөргөн жана ага буйрук бергендер табылбагандан кийин азыркы бийлик ишенимден ажырады:

- Бул жерде 6 адам өлгөн. 2005-жылкы ыңкылап ошондон келип чыкты акыры. Бирок адилеттик кылса, бийликке жакшы болот. Адилет кылбаса бийликтин абийри, авторитети кетет. Керек болсо мурунку учурда адилеттикти калыстык кылыш үчүн балдарын өлүмгө берген, Сталин, Курманжан датка балдарын өлүмгө берген. Бул жерде болсо тааныш-билиш, бирин-бири колдоо. Андай болбош керек, бул акыры жакшылыкка алып келбейт.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG