Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:47

БЭКтин түштүк боюнча башчылыгына Акаевдин таламын талашып таанылган саясатчы Аманбай Сатыбаев бекиди.

Бириккен элдик кыймылдын (БЭК) түштүк аймагы боюнча башчылыгына Аманбай Сатыбаев бекигендигин уюмдун Ош облустук жана шаардык өкүлү Абдыкайым Кангелдиев «Азаттыкка» маалымдады.

Аманбай Сатыбаев 47 жашта. Өзбекстандын Анжиян облусуна караштуу Беш-Көбак кыштагында туулуп-өскөн. Өлкөнүн мурдагы башчысы Аскар Акаевдин саясатын туруктуу колдоп тургандардын бири. Ал түгүл 2004-2005-жылдары анын президенттик мөөнөтүн 7 жылга узартуу демилгесин көтөрүп, элден кол топтогондордун башында турган. Учурда «Кут» партиясынын жана Бирдиктүү Кыргызстан кыймылынын түштүктөгү төрагасы. Оштогу «Жети түс» фирмасынын директору.

БЭКтин түштүк аймактык штабы «Жети түс» фирмасынын имаратында жайланышкан. Аманбай Сатыбаев өз кезегинде президент Бакиевди эл үмүтүн актабай, өлкөнү туташ кризиске кептеди деп сынга алууда:

- Менин оюмча, мындай адамды эч качан улуу кыргыз элинин, улуу Кыргыз мамлекетинин башчылыгына шайлаш керек эмес эле. Агенттерди биздин ичибизге киргизип коюшкан. Алар ар кандай куйтулуктарды уюштурушуп, кандайдыр бир провокацияларды чыгарып, ошонун эсебинен камаганга, элдин алдында шерменде кылышка аркеттерди жасап атат.

Ошентсе да айрым партиялар Аманбай Сатыбаевдин лидер катары тандалышын чоң жаңылыштык катары эсептешүүдө. Мисалы, оппозициячыл «Ата Мекен» партиясынын Оштогу төрагасы Бактыбек Калмаматов мындай чечимге такыр ынабай турат:

- Муну кимдер түзүп атат, бул боюнча бизде маалымат жок. Муну бүгүнкү күндө оппозициянын катары деп эсептегенге болбойт. Кечээки Акаевдин артынан жүргөн куйруктары бүгүн БЭКтин түштүктөгү өкүлү болуп калышы бул акылга сыйбас нерсе. Эгерде БЭК ушул чечимге өзү макул болуп барган болсо, алар терең жаңылышты.

Жогорудагыдай ойго «Жаңы Кыргызстан» саясий уюмунун Оштогу штаб башчысы Манас Эргешов да кошулду. Анын баамында, Аскар Акаевден көңүлү калган эл биринчи президенттин туруктуу жактоочусу Аманбай Сатыбаевди марттагы акцияларда ээрчибей коюшу толук ыктымал.

Ошол эле убакта жергиликтүү бийлик Бириккен элдик кыймылдын аракеттерин мыйзамсыз деп эскертүүдө. Маселен, Ош облустук адилет башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Рахман Таштанов БЭКтин Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кетирүү талабын акылга сыйгыс жорук катары айыптап, кандай бирикме болсо дагы мыйзам ченемдүү каттоодон өтүп, иш- аракет жүргүзүүгө тийиш экендигин белгиледи.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG