Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

Жыл башынан бери 29 журналист каза болду


Мындай маалыматты чыр-чатактуу аймактарда иштеген журналисттерди коргоочу Пресс эмблем кэмпейжн тобу кабарлады. Бул өткөн жылга салыштырмалуу бир жарым эсе көп. Уюмдун башкы катчысы Блэз Лемпендин билдирүүсүндө айтылгандай төрт журналист Газа тилкесинде, дагы төртөө Пакистанда, калгандары Иракта, Мексикада, Орусияда, Сомалиде, Шри-Ланкада, Венесуэлада, Колумбияда, Кенияда, Мадагаскарда жана Филиппинде өлтүрүлгөн. Press Emblem Campaign БУУнун адам укуктары боюнча кеңешин бул маселеге көңүл бурууга чакырды.

XS
SM
MD
LG