Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:03

Донорлор Палестинага төрт жарым миллиард доллар жардам убада кылышты


Мындай убада кечээ Газа секторун кайра куруу боюнча донорлордун Египетте өткөн конференциясы учурунда берилди. Египеттин тышкы иштер министри Ахмед Абул Гейттин маалымат жыйынджа айтканына караганда, убада кылынган акча Палестинага алдыдагы эки жылдын аралыгында берилет. АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Кошмо Штаттар 900 миллион доллардан ашуун жардам ажыратыларын жарыялады жана каражат Газа секторун башкарган, исламчыл ХАМАС тобунун колуна тийбөөсү керектигин баса белгиледи.
Египеттеги конференцияга Израил жана ХАМАС чакырылган жок. Израилдин үч аптага созулган аскерий операциясы учурунда Газада 1300дөн ашуун адам мерт болгон. Турак үйлөр, мектептер, ооруканалар жана башка инфраструктура талкаланган.

XS
SM
MD
LG