Бул тууралуу КР чегара кызматынын жетекчиси Замир Молдошев кечээ парламенттин эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу комитетинде билдирди. Анын айтуусунда Чүй облусунун Казакстан менен чектешкен аймактарына 28 чегара мамысы орнотулду: “Эми биздин Казакстан менен чегарабыз толук такталды десек болот,” деп белгилеген башкы чегарачы акыркы убактарга чейин талаш аймак катары Түптөгү Каркыра жайлоосу менен Таластагы гранит карьери эсептелип келгенин, эми бул жерлерде да талаш-тартыш маселелер жоктугун белгиледи.(ZKo)