Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:57

Ишкерлер курултай өткөрүүгө камынып жатышат


Кыргыз фондулук биржасынын директорлор кеңешинин төрагасы Нурбек Элебаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча курултайда экономикалык кризистен чыгуунун жолдору талкууга алынат. Иш-чара Бишкектеги опера жана балет театрында болмокчу. Кечээ айрым ишкерлер маалымат жыйынын өткөрүп, кыргыз өкмөтү дүйнөнү каптап келе жаткан экономикалык кризистен чыгуунун жолдорун издебей, буга көңүлкош мамиле жасап жатат, деген нааразылыгын билдиришкен. Алардын белгилөөсү боюнча өкмөттүн антикризистик программасы ар кайсы министрликтердин берген отчетторунун негизинде чампаланып жазылган. Кыргызстан ушул тапта экономикалык кризисти башынан өткөрүп жаткандыгын белгилеген ишкерлер өкмөт кырдаалдан чыгуу үчүн ички резервдерди пайдаланган жок, деп айтышууда.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG