Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

Оппозиция бийлик менен сүйлөшүүгө даяр


Мындай чечимин БЭК кечээ өткөргөн жыйында кабыл алып, Саясий бюронун буйругу менен бекитти. Сүйлөшүүдө оппозиция эки маселени: Кыргызстандагы саясий-экономикалык абалды жөнгө салууну жана саясий куугунтуктоону токтотуу талабын коюну максат кылууда. Мындан тышкары бул талаптардын аткарылышына бийликке белгилүү бир мөөнөт берилмекчи.
Кыймылдын Улуттук кеңешинин мүчөсү Аликбек Жекшенкуловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө беш кишиден турган атайын топ бекитилди. Топтун курамында Абдыганы Эркебаев, Амангелди Муралиев, Мукар Чолпонбаев, Топчубек Тургуналиев жана Асанбек Сарыбаев бар. Топко ЖК депутаты, социал-демократчы Иса Өмүркулов жетекчилик кылат. Ал эми бийлик тараптан президенттик администрациянын жетекчиси Данияр Үсөнов жана мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу болушу күтүлүүдө. Булардан тышкары сүйлөшүүгө байкоочу катары катышып берүү өтүнүчү Ишенбай Абдуразаковго, Турсунбек Акунга, Турсунбек Чыңгышевге жана Миталип Мамытовго сунушталды. БЭК бийлик менен сүйлөшүү 5-6-марттарда, оппозицияга да, бийликке да таандык эмес аймакта өткөрүлсө, деген сунушун бийлик тарапка билдирди. “Акыркы убактарда оппозиция өлкөдөгү кырдаалды чайпалтууга аракеттенип жатат, деген чагымдар көп айтыла баштады. Ошондуктан, коомдогу стабилдүүлүктүн биз үчүн да зарылдыгын мына ушундай кадам менен көрсөтөлү деп чечтик,” дейт Аликбек Жекшенкулов.(ZKo)

XS
SM
MD
LG