Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:40

Үй-бүлө куруу курагы боюнча мыйзам жобо өзгөрүшү ыктымал


Мындай демилгени Жогорку Кеңештин Жаштар, гендердик саясат, дене тарбия жана спорт боюнча комитети көтөрүүдө. Ага ылайык “Үй-бүлө кодексиндеги” он алты жаштагы кыздар ата-энесинин уруксаты менен турмуш кура алат деген жобону алып салуу сунушталууда. Мунун негизинде бойго жете элек кыздарды турмуш курууга күчтөп мажбурлоо көрүнүшү көбөйүп баратат. Бул көрүнүштү токтотууга мыйзамдар жумшак болууда, дейт адисттер. Аталган комитеттин төрагасынын орун басары Чолпон Абдуллаеванын билдиришинче, соңку иликтөөгө ылайык, кыргыздар басымдуулук кылган аймактарды аялдардын сексен пайызы өз ала качуунун негизинде турмушка чыккан. Акыркы үч жылдын ичинде ала качуу фактысы боюнча 268 арыз түшкөн. Сексен беш гана кылмыш иши козголгон. Сот жобуна тартылгандар дээрлик жокко эсе. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG