Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:39

“Ак шумкардын” Нарындагы координатору У.Акунов дале бошотула элек


Ушул саатта Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнөн облустук ички иштер башкармалыгынын имаратына алынып келингенин Урмат Акунов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, укук коргоо органдары “Ак шумкар” партиясынын Нарын шаарындагы кеңсээсинен “Эл үнү” деген гезитти эмнеге таратасың?-деп айыпташкандан башка эч кандай күнөө коюша алышкан жок. “Эл үнү” гезитине атам Бектемир Акунов тууралуу макала жарыяланаган. Анын 200дөй даанасын жакындарыма таратып берүү үчүн алып келгем”,- деди Акунов. Нарын ОИИБлыгы менен кабарлашууга эч бир мүмкүнчүлүк болгон жок. Бүгүн Нарын ИИБ кызматкерлери “Ак шумкар” партиясынын Нарын шаарындагы кеңсээсин тинтүүгө алып, 200 гезитти жана БЭКтин кайрылуусу басылган баракчаларды, Урмат Акунов менен партиянын Нарындагы штабынын башчысы Жолдубай Сүйүнбаевди алып кетишкен. (AJ)

XS
SM
MD
LG