Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:05

Чолпон-Атада ЖККУнун жыйынына даярдыктар башталды


Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кирген 7 өлкөнүн президенттери 31-июлда Чолпон-Ата шаарына расмий иш сапар менен келээри жарыяланып, ага даярдык көрүү башталды. Ысык-Көл районунун акими Т. Мансуров Армения, Белорусия, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын президенттери Ысык-Көлгө бир жолу чогулаарын маалымдады. ЖККУнун жыйынына жалпы 1500гө жакын өкүлдөр келет. Алар Көлдүн тескей тарабындагы “Аалам ордо”маданий комплекси менен да таанышат. Коноктор көл жээктеги эң мыкты эс алуу жайларга жайгаштырылат. Учурда Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсүн толук оңдоо иштери башталды. Ага мамлекеттик казынадан акча бөлүндү, бирок ири суммадагы каражаттын өлчөмү ачыкталган жок. (RB)

XS
SM
MD
LG